Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

24-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 24-декабрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, Жалалабад өрөөнүндө түнкүсүн кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн –11…-16, күндүз –3…-8 градус суук.
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн –13…-18, күндүз –1…-6 градус суук болушу күтүлөт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу болот, күндүз +1…+6 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –5…-10 градус суук, күндүз +1…+6 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –17…-22, күндүз –9…-14 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаабайт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн –13…-15, күндүз –5…-7 градус суук.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар даярдады

Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG