Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Республикалык бюджет долбоору Мыйзам чыгаруу жыйын комитетинде каралды


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынын бюджет жана финансы комитетинин 23-декабрдагы отурумунда 2005-жылдагы республикалык бюджеттин долбоору экинчи окууда каралды. Жыйын соңунда бюджет долбоорун 24-декабрда дагы бир жолу талкуулап, келээрки апта башында Мыйзам чыгаруу жыйынын жалпы отурумуна алып чыгуу тууралуу токтом кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун экинчи окууда өткөн аптада кабыл алган. Бюджеттин киреше бөлүгү 16 миллиард 87 миллион сом ал эми чыгаша бөлүгү 16 миллиард 813 миллион сом болоору белгиленген. Кыргыз мыйзамдарына ылайык республикалык бюджет мамлекет башчы кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG