Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Акыйкатчы президенттик шайлоого байкоочулук кылат


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча кайталап добуш берүүгө байкоочу катары катышат. Бул тууралуу Акыйкатчынынын маалымат кызматынан билдиришти. Ошондой эле Украинадагы шайлоого Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 75 өкүлү байкоочулук кылышат. Мындай иш чара АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан каржыланууда. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Украинадагы шайлоого Кыргызстандын аткаруу бийлигинен бир дагы өкүл жөнөтүлгөн жок. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру 21-ноябрда өткөрүлгөн. Элдик толкундоолордун натыйжасында шайлоонун экинчи турунун расмий жыйынтыгы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG