Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26
БИШКЕК. Мындай чечимди 23-декабрда Бишкекте өткөн жазуучулардын 13 курултайы кабыл алды. Жазуучулар эгемендүүлүк жылдарынын башында үч-төрт топко бөлүнүп, мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары калышкан. Курултайга президент Аскар Акаев катышып, Кыргызстан жазуучулар союзуна улуттук деген макам ыйгарды. Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагалыгына коомдук ишмер жана акын Жалил Садыков, катчылыгына акын-жазуучулар Мелис Абакиров, Сейит Алтымышев жана Маркабай Ааматов шайланышты. Ушул эле курултайда бир катар акын-жазуучуларга мамлекеттик наамдар ыйгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG