Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ирактын Мосул шаарындагы жардырууну жанкечти уюштурган


АКШнын биргелешкен аскерий ордолорунун башчысы генерал Ричард Майерстин айтымында, 21-декабрда Ирактын Мосул шаарында болгон жардырууну жанкечти уюштурган болуш керек: "Иликтөөлөргө караганда, кайсы бир адам денесине байлап алган колго жасалган жардыруучу затты жардырып жиберген". Жарылуу - америкалык аскерлер тамак ичип жаткан имараттын жанында болгон жана бардыгы болуп 22 адам набыт кеткен, алардын он сегизи - америкалык аскерлер. Мосул шаарынын кээ бир аймактары курчоого алынды. Ирактагы барымтадан бошотулган эки франциялык журналист болсо кечээ күнү Парижге кайтып келди, алар туткунда төрт ай кармалган. Премьер-министр Жан-Пьер Рафарендин айтымында, эч кандай кун төлөнгөн жок.

XS
SM
MD
LG