Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

ТҮРКИЯ МЫЙЗАМДАРЫН ЕВРОБИРИМДИК ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКТАЙ АЛАБЫ?


Түркиянын жаңыланган кылмыш-жаза кодекси “Сөз жана басма сөз эркиндигин” толук кепилдике алалабы? Айрым эларалык уюмдардын пикиринде, жаңы кодекстеги чектөөлөр мурдагысындай эле сакталып кала берүүдө.

Түркиянын жаңыланган кылмыш-жаза кодекси “Сөз жана басма сөз эркиндигин” толук кепилдике алалабы? Айрым эларалык уюмдардын пикиринде, жаңы кодекстеги чектөөлөр мурдагысындай эле сакталып кала берүүдө.

Өткөн жумада, басмакана ээлеринин эларалык бирлиги менен, эларалык ПЕН клуб, Еврокеңештин кезектеги төрагасы Голландиянын премьери Ян Петер Балканенде жана, Еврокомиссиянын президенти Йосе Мануел Барросого кайрылып, Түкиянын алдыдагы апрель айында күчүнө кире турган, кылмыш-жаза кодекси тууралуу сын пикирлерин билдиришти. Эки эларалык уюшма тарабынан жарыяланган документте, атуулдардын өз ой-пикирин эркин айтуу укуктарына айрым чектөөлөр сакталып кала бергендиги бышыкталып, Евробиримдиктин, жаңы жазалоо кодексин оңдоп чыгуусу жаатында Анкарага кысым жасоосу талап кылынды. Документте, Түркиянын кылмыш-жаза кодексинин, “адамдардын өз ой-пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине ээ” болуусу жөнүндөгү беренелери Евробиримдиктин нормаларына кайчылаш экени көрсөтүлүп, аларды оңдоо жөнүндө бир катар сунуштар кийирилген.
Учурдагы өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын өзү дагы, бир жыйын учурунда, исламчыл бир акындын ырынан бир куплет окугандыгы үчүн, жазалоо кодексинин ушул статьяларына өкүмдөлүп, 3 айга абакта олтуруп чыккан киши. Ар 7 атуулдун бири, өткөн чагында бул же тигил аракети же жүрүш турушу себебтүү соттолуп өкүмдөлгөн жана жыл сайын 100 миң адам үстүнөн кылмыш иши козголгон Түркияда, “зч болбогондон көрө жаман болсо да бары жакшы” дегендей, 50- жылдардан бери колдонулуп келе жаткан жана, 70- жылдардагы оңчул-солчул кагылышууларынын, 1980- 90- жылдардагы ПКК жикчил тобуна каршы күрөштүн жүрүшүндө бир топ оорлоштурулган кылмыш-жаза кодексин реформалоо, айрым аналитиктер да айткандай, Евробиримдикке мүчөлүк мүдөөсү болбогондо ишке ашмак эмес болчу.
Биримдикке мүчө болуу мүдөөсүн өзүнүн баштапкы саясий көрсөтмөсү кылып алган башкаруудагы өкмөт, өзгөчө адилет министири Жемил Чичек маселени кабыргасынан коюп, кылмыш-жаза кодексин алмаштырыш үчүн талыкпай иштеп келди; бирок, алда канча жакшыртылган абалда болсо дагы, бир гана европалыктардын эмес, өлкө ичиндеги айрым укук коргоо уюмдарынын жана адистердин сындоолоруна туш келип жаткан жаңы кодекс жаңыланган мезгилдин улам жаңыланып бараткан талаптарына жооп бере алчудай эмес көрүнөт.
Айрым адистердин пикиринде, Түркияда, диний фундаментализм коркунучу, күрттөрдүн жикчил аракети жана Кипр жаңжалы улана берген абалда, мыйзам чыгаруучулардын, бул талаптарга толук жооп бере ала турган мыйзам нормасы анча оңой эмес. Анткен себеби, ондогон жылдарга созулган идеологиялык жана сепаратисттик террор кампаниясынын үрөй учурган элеси, коомдук пикирди, өлкөнүн бөлүнгүс бүтүндүгү тууралуу аябай сезимтал кылып койгон абалда.


Бирок, өткөн жумада биримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө баштоо тууралуу жетишилген келишимдин жагымдуу желаргысы өлкөдө дароо сезиле баштады; ошондой эле, өкмөттүн саясат майданындагы туруму күчтөнүп, проблемалардын башаты болуп эсептелген улуттук башкы мыйзамды деле алмаштыруу жөнүндө сөз боло баштады. Мүчөлүккө алып баруучу сүйлөшүү жараянынын жүрүшүндө Түркиянын алдына, дагы толгон токой талаптар-шарттар коюулары талашсыз. Кылмыш-жаза кодекси тууралуу бул кийинки талаптар, алдыда турган алыс жана машакаттуу жолдун кабарчысы гана.
XS
SM
MD
LG