Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

УКРАИНА: БАТЫШ ЖАНА ЧЫГЫШ – ЭКИ ТАРЫХ, БИР КЕЛЕЧЕК


Украинадагы соңку саясий кризисте өлкөнүн географиясы менен тарыхы чоң ролду ойноду. Украинанын батыш аймактары бир кездери Польшанын, Австро-венгриянын жана Чехословакиянын курамына кирсе, чыгыш жана түштүк чөлкөмдөрү болсо Москвага баш ийип келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана Украина Советтик республика катары азыркы чегараларга ээ болгон. Чыгыш – батышка бөлүнгөнгө карабай, украиндердин келечеги бир, - дешет аналитиктер.

Украинадагы саясий кризис туу чокусуна жетип турган кезде, жумурияттын россиячыл чыгыш региондору автономия жөнүндө сөз козгой баштаган эле. Кайра шайлоо жөнүндөгү чечим чыгарылгандан кийин мындай кептер басаңдап калгансыды. Бирок аналитиктер региондор ортосундагы айырмачылыктар жекшемби күнкү добуш берүүдө да сезилбей койбойт дешет.

Батыш тарапта жашаган украиндер өз эне тилинде сүйлөшөт жана улуттук аң-сезимге көбүрөөк берилген. Индустриалдык чыгыштын тургундары болсо орусчага артыкчылык берип, Россияга ачыктан ачык жан тартат. Ошентип, батыш Ющенкону, чыгыш жана түштүк Януковичти колдойт.

Донецкилик шахтер Володимир чөлкөм өлкөнүн калган аймактарын багууга мажбур болбосо, өз алдынча өнүгүп кетмек деп эсептейт:

Мен автономия пландарын колдойм. Себеби, биз батыш Украинадан өзүнчө болсок, азыркыдан жакшы жашамакбыз.

Бул пикирге кошулбагандар, тескерисинче, Донецк Киевдин дотациялары менен жан багып келгенин айтышат.
Мындай эки ача көз караш проблеманын бир эле бөлүгү деп эсептейт Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Николай Петров. Тарых өзү Украинаны экиге бөлүп койгон:

Батыш Украина бир кездери Польша, Австро-венгриянын курамына кирчү. Тилдеги айырмачылыктар ушундан улам пайда болгон. Чыгышта орусташкандар көп болсо, батышта поляк тилинен алынган сөздөр көп. Тарых элдин менталитетине жана саясий маданиятына чоң из калтырган.


Украина азыркы чегараларына экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана ээ болгон. Тарыхтын мурастарын аң сезимден таптакыр өчүрүп салыш үчүн 50 жыл аздык кылат дейт киетвик аналитик Олександр Литвиненко:

Иш жүзүндө Украинанын азыркы чегералары Карпаттын атрабы аннексияланып алганда, 1945-жылы аныкталган. 50-60 жылдын ичинде айырмачылыктардын жоюулуп кетишин күтүү кыйын.

Совет мезгилинде региондор бири бирине ишенбөөчүлүк менен мамиле кылчу. Совет бийлиги Кызыл армияга каршы күрөшүп келген батыш Украинага шектенүү менен карачу, - деп улантат саясий изилдөөчү Литвиненко.

Бул көз караш чыгыш аймактарда дагы эле сакталууда. Ошентсе да, 1991-жылдагы референдумда эл, анын ичинде чыгыш региондордун тургундары да Украинанын эгемендүүлүгүнө добуш берген.

Литвиненконун айтымында, Украинанын батышы же чыгышы болобу азыр эч ким Россия менен биригүүнү көздөбөйт:

Чыгыштагы өнөр жай борборлорунда советтик менталитет сакталып калган. Бул кызык угулушу ыктымал, бирок россиячыл сезим Россияга карата симпатияга эмес, СССР доорун эңсөөгө негизделген.

Андыктан, Карнеги борборунун өкүлү Петров айткандай, сепаратизм Украинанын келекчегине көп деле кооптонуу туудурбайт.

Сепаратизм маанайы айрым бир аймактар да гана байкалбаса, ал кеңири жайылган эмес. Айталы Крым, Донбасс же Одессаны алсак, алар бири биринен ушунчалык айырмаланат, демек, өлкөнү жарып бөлүү багытында биргелешип аракеттенишпейт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG