Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

АКШ ДОЛЛАРЫНЫН КУНУ КЕТҮҮДӨ


АКШ долларынын наркы улам түшүп барат. Серепчилердин айтымында, еврого салыштырмалуу кунун жоготкон бул акча бирдигинин жакын арада турукташаар түрү жоктой. Бул жагдай европалык экономикага да кедерги болууда. Айтмакчы, бейшембиде бир евро - 1 доллар 35 центке татып калды.

Кошмо Штаттардын өкмөтү долларды туруктуу калыбында кармоо саясатынан жанбагандыгын айтып келет. АКШнын Каржы катчысы Жон Сноу (John Snow) мырзанын айтымында, монетардык саясаттагы бул нук азыр деле күчүндө:

- Кубаттуу доллар - Кошмо Штаттардын узактан берки саясатынын өзөгү бойдон кала берүүдө. Кубаттуу доллар биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга төп келет.

АКШ президенти Жорж Уокер Буш да өкмөттүн саясаты доллардын кубаттуулугун чыңдоо менен байланыштуу экенин жакында баса белгилеген.

Бирок айрым европалык адистер АКШ өкмөтүнүн долларга карата саясаты базар экономикасынын учурдагы турумуна ылайык кыйла өзгөрүп жатат деп эсептешет.

Алардын бири - франциялык «BNP Paribas» банкынын экономисти Брайан Фаббри (Brian Fabbri) мырза:

- Алар «кубаттуу доллар» саясатын тутабыз деп айтканы менен, иш жүзүндө алардын саясаты өзгөрүүгө дуушарланды. Эми алар “кубаттуу доллар саясаты” дегендин ордуна “базарга шайкеш доллар саясаты” дегенди айтып калышты. Менимче, бул саясаттын өзөккү айырмасы мындай: базар мамилелери бул акча бирдигинин наркын аныктоого тийиш. Базар өзү АКШны дүйнөнүн калган бөлүгүнүн экономикалык өсүшү үчүн кыймылдаткыч күч катары баалашы керек, дал ушул жагдай кубаттуу долларды камсыз кылууга тийиш. Бирок турмуш чындыгы башкача болуп чыкты.

АКШ өкмөтү бейшембиде жарыялаган баяндамага караганда, америкалык кардарлардын акча сарптоо деңгээли төмөндөп кеткен экен. Адистер бул көрсөткүчтү АКШ экономикасынын чабалдашы катары түшүндүрүүдө.

Ошол эле учурда, доллардын төмөндөшү өз товарын экспорт үчүн өндүргөн америкалык ишкерлердин чырагына май тамызууда. Бирок бул кырдаал узак мөөнөткө созулса, анын кош таңкыстыгы өз кесепетин тийгизмекчи: бир чети, товарлар азыраак импорттолуп, көбүрөөк ташылып чыгарылган чакта, соода таңкыстыгы өсөт. Экинчиден, чет өлкөлүк капиталдык салымдар АКШга улам аз киргизилген чакта, бүжөттүк таңкыстык да өсөт. Булар доллардын наркынын ого бетер төмөндөшүнө кириптер кылышы мүмкүн.

Деги, азыркы кырдаалда, дүйнө өлкөлөрүндө доллардан тез арада кутулуу далаалаттары жасалбас бекен?

Техас университетинин профессору, экономист Жеймс Гэлбрейт (James Galbraith) болсо доллар дүйнө жүзүндө кунун жогото баштаган менен, андан жапатырмак качуу аракети болбойт деген ишенимде:

- Жалпы эле дүйнө базарлары “эми доллардан безип кетүүгө далаалаттанат” деген түшүнүк чындыкка коошпойт ко дейм. Анын себеби – доллардан качуу үчүн ага теңдеш башка акча бирдиги жок. Европалыктар еврону дүйнөлүк экономиканы канааттандыра алчудай көлөмдө чыгарган жок.

Бейшембиде француз каржы министри Эрви Гимар (Herve Gaymard) доллардын кунун жоготушу дүйнө экономикасын олуттуу кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн деп эскертип, АКШны долларды турукташтыруу үчүн Европа жана дүйнө өлкөлөрү менен кызматташууга чакырды.

Ал эми Голландиянын каржы министри Геррит Залм (Gerrit Zalm) болсо жума күнү француз басылмаларынын бири – “Ла Круа” (La Croix) гезити үчүн курган маегинде евронун долларга карата катышы анча терең тынчсызданууну туудурбайт деп айтты.

XS
SM
MD
LG