Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Элдик кыймылга кирген 9 саясий партия шайлоо блогун түзөөрүн билдирди


БИШКЕК. Экс-премьер министр Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан Элдик кыймылынын курамына кирген 9 партия парламенттик шайлоо алдында бирдиктүү шайлоо блогун түзүшү мүмкүн. Алар – «Асаба» улуттук кайра жаралуу, «Эрк», «Жаңы Кыргызстан», «Кайран эл», КДК, Коммунисттердин эки партиясы, «Эркиндик» жана «Республика» партиялары. Бул тууралуу Кыймылдын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бул блок шайлоо учурунда ар бир партиядан жана жалпы кыймылдан көрсөтүлгөн талапкерге бирдиктүү колдоо көрсөтөт. Аталган партиялар өз талапкерлерин көрсөтүүчү курултайлары 25-декабрда өтөөрү күтүлүүдө. Кыймыл буга чейин жалпысынан 63 талапкер даярдагандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG