Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

«ПРЕЗИДЕНТТИН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ»: АЧЫЛЫШ ЖАНА ЖАБЫЛЫШ


Төрөкул Дооров, Москва. Аяктап бараткан жылдын акыркы жумасында орусиялык басылмалар жыл жыйынтыгын чыгарууга далалат жасаган макалаларга кеңири орун беришти. Алардын ичинде негизги басым бейшемби күнкү пресс-конференцияга бурулду. Белгилүү болгондой, ал күнү Орусиянын президенти Владимир Путин жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берген эле.

Орусияда президент В.Путин жылына маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бир ирет жолугушуп турат. Адатта, президенттин маалымат жыйындары жайкысын өтчү. Бирок бул жолу адат өзгөртүлүп, эми президент журналисттер менен маеги аркылуу жылдын жыйынтыгын чыгарууну туура көрдү.

Жалпысынан айта кетчү жагдай, бул жолку жолугушуунун убактысы рекорддук көрсөткүчтү да ашып, жалпысынан үч сааттан ашты. Эми анда президентке берилген суроолор жана ага Путиндин жооптору тууралуу орусиялык басылмалардын баасына кайрылабыз.

Бир канча гезиттер, алардын ичинде, «Независимая газета», «Новые известия», дагы бир катар басылмалар «Узакка созулган маалымат жыйыны эч кандай деле сенсацияны жараткан жок» деп эсептешет. Бул жолку жолугушуу үч сааттан ашканы менен, берген маалыматтык байлыгы боюнча буга чейинкилеринен артта калды» деп жазат «Независимая газета».

«Новые известия» да биринчи басылманын кебин улап, бул жолку жыйын эч бир жаңылык бербегендигин, болгону президент өлкөнүн экономикалык ийгиликтерине токтолуп эле, Түндүктөгү аба-ырайы менен чектелгенин жазды.

Анткен менен, «Ведомости» гезити токтолгондой, өлкөдөгү экономикалык абал баары бир ичти жылыта тургандай эмес.

«Коммерсант» басылмасы Путиндин бул жолку сөздөрүнөн «эки ачылышты жана бир жыбылышты» тапкан. Ачылыштарга, гезиттин айтымында, «Юганскнефтегаздын» айланасындагы суу-чатакты кошсо болот. Бул тууралуу жообу менен Путин эми мамлекетте 90-жылдарда өткөн менчиктештирүүнүн жыйынтыгы кайра каралбайт деген такай ойду четке кагып, анын кайра каралышы, тетирисинче, колдоого алынат дегендей болду. «Ал эми экинчи ачылыш катарында өлкөнүн ички дүң продуктусун кыска мөөнөттүн ичинде эки эсеге жогорулатуу планы дээрлик ишке ашты» деген оюн кошот гезит.

«Путиндик жабылыш» катарында «Коммерсант» Михаил Фрадков мырза жетектеген орус өкмөтүндөгү өзгөрүүгө карата пикирин киргизди. Белгилүү болгондой, орус өкмөтүнүн жыйындары түз эфирде бериле баштаган. Президенттин оюнда, бул натыйжалуу иштөөгө тоскоолдук кылат экен.

- Телекамералар иштеп турса, терең ойлонуп иштегенге алагды болот. Анткени жакшыраак көрүнөйүн деп аракет кыласын. Ошондуктан, өкмөт өз ишинин кайсыл бир бөлүгүн түз эфирсиз өткөрөт го деп үмүттөнөм. Бул дегеним, элден катылган сыр бар дегенди түшүндүрбөйт, жөн гана ачык сүйлөшүп, маселелерди талкуулоого жакшы, - деп эсептейт президент В.Путин.

«Бирок жыйын буга чейинкилерине караганда, алдын ала даярдалгандай эле эч кандай күтүлбөгөн окуяларсыз түз өттү» деп жазат «Новые известия». «Курч суроолордон президент амалкөйлүк менен качып жатты жана провокацияга алдырган жок».

Дегеле, «Новые известиянын» ишениминде, талылуу маселелерден президент өзү эле эмес, журналисттер да оолактап жаткандай туюлду. Мисалы, бир жолу да Чеченстандагы жагдай тууралуу ачык суроо берилген жок. Бул темага кайрылган журналисттер да терроризмге каршы күрөш боюнча жалпы суроолордон ары өтүшкөн жок.

Мына ушундай эле ой «Коммерсант» басылмасында берилди. «Үч саат Беслансыз» деп аталган макалада автор Андрей Колесников бул маалымат жыйынында президент бир жолу да Беслан тууралуу, жылдын негизги окуясы, трагедиясы тууралуу, бир сөз да айтпагандыгын жазат.
«Путин жылдын негизги жыйынтыгын чыгарбады» дейт журналист.
XS
SM
MD
LG