Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

26-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Гидрометеоролия борборунун билдирүүсү боюнча 26-декабрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, кар жаабайт. Айрым аймактарга туман түшөт.

Абанын температурасы:
Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
ТАЛАС чөлкөмүндө түнкүсүн –3...-8, Киров районунда –7...-12 градус суук, күндүз 0...+5 градуска жылыйыт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн –3...-8 градуска суук, күндүз +1...+6 градус жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн –20...-25, күндүз –5...-10 градус суук.
Ордо калаа БИШКЕКте кар жаабайт, жолдор тайгак болот, батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн –6...-8 градус суук, ал эми күндүз +4...+6 градус жылуу.


Кабарлар топтомун даярдагандар Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана областтык кабарчылар

Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG