Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Жалалабаттагы саясий партиялар билдирүү таратты


Облустагы «Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Эрк» жана «Кайран эл» партияларынын мүчөлөрү Оштук «Элим менен элим үчүн» аттуу уюмдун президент Аскар Акаевдин кызмат мөөнөтүн референдум жолу менен 2010-жылга чейин узартуу демилеси менен келишпей тургандыктарын билдиришти. Алардын пикиринде демократиялуу өлкөсү аталган Кыргызстанда көпчүлүк бир адамдын кызматы үчүн эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн калыптандырууга умтулуусу абзел. «Кыргызстан элдик кыймылынын» облустагы бөлүмү кыймыл кандайдыр бир топтун эмес өлкөдөгү бардык атуулдардын кызыкчылыгын жактаарын маалымдап, Оштук уюмдун президенттик шайлоого барууга Конституция жол бербестегин айткан Аскар Акаевдин да оюн сыйлоого чакырды.

XS
SM
MD
LG