Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Баткенде ич келте көбөйүүдө


БИШКЕК. 25-декабрда өкмөттүк жыйында Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов ушу тапта Кыргызстанда жугуштуу дарттарды азайтуу, калктын денсоолугун сактоо иштери каражаттын аздыгынан жакшы жүрбөй жатканын билдирди. Анын ырасташынча, безгек, ич келте оорулары таза суу менен камсыз болбогон аймактарда, өзгөчө Баткен облсунда абал кыйын. Министрдин айтымында 2002-жылы Баткен облусунда чыккан безгек дартын жоюу ишине АКШ, Түркия жардамы салмактуу болгон. Таза суунун жоктугунан ушу тапта облуста ич келте жугуштуу оорусу күч алууда. Анын себеби Баткен облус борборунда таза суунун күнүнө 2 сааттан берилиши, иштетилген кир суунун таза сууга кошулуп кетишине байланыштуу.Облус губернатору Аскарбек Шадиев Баткен шаарына келүүчү узундугу 27 чакырым суу түтүгүнүн бир жарым чакырымы алмаштырылганын, бирок бул деле кырдаалды толук жакшырта албастыгын билдирди. Облус жетекчисинин ырасташынча, эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишке ашырылып жаткан таза суу долбоорунун негизинде гана Баткенди тооруган табигый кырсык жоюлушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG