Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

Кыргыз-өзбек чегарасын тактоо максатында өкмөт аралык комиссия иштөөдө


БИШКЕК. Шахимардан, Сох, Чонкара, Таштөбө анклавы жана Барак айылына байланыштуу маселелер учурда кыргыз-өзбек чегараларын тактоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиялар тарабынан каралууда. Аталган комиссиянын кезектеги отуруму жакын арада Бишкекте өткөрүлөөрүн Өзбекстандагы Кыргызстандын ыйгарым элчиси Улугбек Чыналиев Ташкентте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы 24-декабрда маалымат таратты. Маалымат жыйынында элчи Кыргызстандын тышкы саясатынын 2004-жылдагы иштери тууралуу толугураак маалымат берип, эки өлкө ортосундагы кыргыз-өзбек мамилеси жана экономикалык-соода байланыштары тууралуу маселеге токтолгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG