Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстандык байкоочулар Киевде


БИШКЕК. 24-декабрда 6 укук коргоочу Ортоазия мамлекеттеринин Киевдеги атайын кабарчылары болуп расмий катталышты. Алар 24-декабрдан 28-декабрга чейин “ТЕЛЕБАЧЕНИА” ( Справедливостун) атайын кабарчылары болуп, шайлоонун алдындагы иш чаралар менен таанышып, 26-декабрда өтүүчү президенттик шайлоо күнүн иликтешет. 27-декабрда Чыгыш Европа иниститутунун корутунду отчетун таркатышат. Бул тууралуу Киевден “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ишембиде билдирди. Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча кайталап добуш берүүгө байкоочу катары катышат. Ошондой эле Украинадагы шайлоого Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 75 өкүлү байкоочулук кылышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG