Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Саясий партиялар депутаттыкка өз талапкерлерин көргөзүүдө


БИШКЕК. Ишембиде Бишкекте “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы курултай өткөрдү. Курултайга Республиканын чар тарабынан келген партиянын 43 мүчөсү катышып, алдыда болуучу парламенттик шайлоого ондогон талапкерлерин көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Азимбек Бекназаров билдирди.
Ошондой эле ушул эле күнү “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы да жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлоого депутаттыкка республика боюнча 32 талапкерин көрсөтүштү.
Ушул эле күнү Бишкекте Кыргызстан коммунисттер партиясы курултай өткөрүп, партиянын президиуму Бакытбек Бекбоевди өз арызынын негизинде партиянын жетекчилигинен бошотуп, анын ордуна партиянын активдүү мүчөсү Николай Байлону шайлады. Ошондой эле Кыргызстан коммунисттик партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого 7 талапкер көрсөтүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG