Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Эл партиясы, социал-демократтарга кошулду


Бүгүн социал-демократиялык партиясы менен Эл партиясы бирикти. Бул тууралуу социал-демократиялык партиясынын алтынчы курултайында маалым болду. Эл партиясын жетектеп келген Мелис Эшимканов билдиргенге караганда, анын партиясы быйыл ноябрь айында жоюлуп, партиянын саясий кеңеши социал-демократиялык партияга кошулуу чечимин кабыл алган. Мелис Эшимканов билдиргенге караганда, бул партиянын мүдөөлөрү жакын жана жетекчилигине ишеним күчтүү болгондуктан дал ушул партияны тандашты. Курултайда Мелис Эшимканов социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын пикиринде, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй Кыргызстанда бара-бара саясий партиялардын саны кыскарышы керек. Былтыр саясий көз караштары үндөш беш саясий партия «Алга, Кыргызстан» партиясына баш кошушкан.

XS
SM
MD
LG