Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

МИНИСТРЛИКТЕР КАЙРАДАН КӨБӨЙҮҮДӨ


Сапар Орозбеков, Бишкек Өкмөт ПРООНдун жардамы менен өлкөдөгү министрликтердин жана ведомстволуктардын функцияларын бирден тактап чыкты. Анын негизинде айрым органдар бириктирилип, айрымдары жоюлмак болчу. Өкмөт ал гана эмес мамлекеттик аппаратты кыскартуу керек экендигин айтып, жыл сайын анда иштегендердин санын кандайдыр бир пайызга азайтуу тууралуу демилге көтөрүп келет. Бирок мындан мамалекеттик аппарат азайган деле жери жок. Тескерисинче, жаӈы министрликтер жана агенттиктер ачылууда.

Президенттин энергетика боюнча атйын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев Эл өкүлдөр жыйынын сессиясында отун-энергетика министрлигин ачуу тууралуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын жарыя кылды:
-Министрлик түзүлсө, жыйынтык чыгат- деди Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарга жаӈы министрликтин зарыл экендигин далилдеп.

Мындай министрликти түзүүнү жактагандар адатта энергетика секторунун абалы оор экендигин бетке кармашат. Бирок, өкмөт ошол эле мезгилде оор абалдан чыгуу үчүн энергетика секторун менчиктештирүү керек деп айтып келет. Энергетикалык компаниялар жеке менчикке өткөрүлүп берилсе, жаӈы миниситрлик кайсы ишканаларды башкарат деген суроо чыкпай койбойт. Мындай суроону президенттин өкүлүнө депутаттар беришкен болчу. Башка адистер да айтып жатышат:
- Көмүр казган көп сандаган шахтылар болсо бир жөн эле. Же бөлөк энергия ресурстарыбыз болуп, мамлекет аларды башкара албай жатса мейли эле. Тескерисинче, башкаруудан качып, энергия компаниялар жеке менчикке берилип жатса, министрлик түзүштүн кандай кажети бар?- дейт Кыргыз улуттук университетинин профессору, экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев.

Мындай аргументке президенттин өкүлү макул эмес:
-Баш ийбей коет дегенге мен макул эмесмин. Бүгүнкү күнү колдонуп жаткан мыйзамдар компанияларды башкарууга толук мүмкүнчүлүк берет –.дейт Жантөрө Сатыбалдиев.

Мамлекеттик аппаратты кыскартуу зарыл экендигин өкмөт өзү эле айтып жүрөт. Ал жыл сайын башкаруу органдарында иштегендердин санын кандайдыр бир пайызга азайтуу тууралуу демилге көтөрүп келет. Бирок минисрликтердин, өкмөттүн жана президенттин алдындагы ар кандай комитеттердин, комиссиялардын жана агенттиктердин саны азайган деле жок. Тескерисинче, болуп көрбөгөндөй өсө баштады. Акыркы 2-жыл ичинде эле Адилет башкаруу боюнча улуттук кеӈештин секретариаты, Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик, Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча агенттик, Энергетика боюнча президенттин өкүлчүлүгү түзүлдү. Чет өлкөлүк инвестицияны тартуу боюнча секретариат да агенттик болуп кайра түзүлөрү айтылууда. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасынын 10 жылдыгына карата быйыл октябрда өткөрүлгөн конференцияда өлкө башчы Аскар Акаев жергиликтүү өзүн өзү башкаруу министрине кайрадан аппарат бөлүнүп берилерин билдирди. Ал Кыргыз сотунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу 24-декабрда өткөрүлгөн жыйында Адилет сот боюнча улуттук кеӈеш түзүлөрүн да айтып жатат.

Өкмөт бир жагынан мугалимдердин жана врачтардын эмгек акысын көтөрүүгө каражат жок дейт да, экинчи жагынан ал кошумча каражат талап кылган жаӈы министрликтерди ачууга каршы эмес. Адистер ошол жаӈы ачылган министрликтердин кызматкерлерине өкмөт айлыкты жөндөп төлөп бере албасын, алар үй-бүлөсүн багыш үчүн пара алууга аргасыз болуп, бул коррупцияга гана алып келерин айтып жатышат.

-Жыл сайын эле аппаратты 30% же 50% кыскарткыла деген тапшырма берилет. Эгерде ошол тапшырмалар аткарылса, башкаруу аппаратында бир да киши калмак эмес. Тескерисинче, аппаратта иштегендердин саны көбөйүп, ошого жараша чыгымдар да өсүп жатат –дейт Айылчы Сарыбаев.

Ал бул чыгымдар салыктын эсебинен жабылып, карапайым адамдардын жонуна түшкөн кошумча жүк болорун белгилейт. Бирок өкмөт мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды азайтыш керек деген менен, анда иштегендердин айрымдары бул чыгымдар анчалык деле чоӈ эмес деген ойдо:
- Биздикине окшош көлөмдөгү экономикасы бар өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргыз республикасынын мамлекеттик аппаратын кармап турууга каражат бир топ аз жумшалат. Эгерде бизде башкаруу аппаратына бюджеттин жалпы чыгымынын 7% кетсе, башка өлкөлөрдө ал 10%дан көп- дейт Каржы министрлигин бөлүм башчысы Самат Кылжыев.
XS
SM
MD
LG