Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

КУРУЛТАЙЛАР ӨТТҮ. ШАЙЛОО БЛОГУ ТҮЗҮЛӨБҮ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 25-декабрда Бишкекте Кыргызстан элдик кыймылына кирген бир катар саясий партиялардын курултайлары болуп өттү. Анда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер көрсөтүлдү.

Парламенттик шайлоонун алдында саясий партиялар курултайларын өткөрүп, депутаттыкка талапкерлерди тандоодо. Бийликчил “Алга, Кыргызстан”, “Адилет” жана “Менин өлкөм” партиялары андай максаттагы курултайды жаңы жылдан кийин өткөрүүнү болжоп жатат. 25-декабрда болсо оппозициялык маанайдагы бир катар партиялар курултай өткөрүп, анда парламентке өз талапкерлерин аташты.
“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын курултайы тууралуу анын лидери Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

-Бүгүн “Асаба” партиясынын курултайы болуп өттү. Күн тартибинде эки маселе бар болчу. Бирөө 2005-жылдын 27-февралында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү, экинчиси, Кыргызстан элдик кыймылына кирген саясий партиялар менен шайлоо блогун түзүү. Биринчи маселе, боюнча Асаба партиясынан эки адамды талапкер кылып көрсөттүк, экинчи маселе боюнча, Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялар менен биргеликте шайлоо блогун түзүү боюнча чечим кабыл алдык .
“Эркин Кыргызстан” партиясынын жыйынында болсо партия лидерлигине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов бекитилип, партия атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер аталды. Бул тууралуу Бектур Асанов буларды кабарлады:

Эркин Кыргызстан партиясынын 12 курултайы болуп өттү.Курултай уюштуруу ишин карады. Андан кийин келаткан парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөттүк жана Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялар менен шайлоо блогун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы да 25-декабрда курултай өткөрүп, Жогорку Кеңешке талапкерликке партия атынан 32 талапкердин атын атап, бекитти. Бул күнү болгон Кыргызстан коммунистер партиясынын курултайында канча талапкер көрсөтүлгөнүн партия мүчөсү Орозбек Дүйшеев кабарлады:

Талапкерлерди көрсөттүк. Бизден жети шайлоо округуна талапкер көрсөтүлдү.

25-декабрда Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын да курултайы болуп өттү. Анда да Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер көрсөтүлдү.

Бирок Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялардын баары эле ишемби күнү курултайын өткөргөн жок. Калган партиялар дүйшөмбү-шейшемби күндөрү өткөрүүгө камданууда. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди.

Кыймылдын лидерлеринин билдирүүсүнө караганда, кыймылга кирген тогуз партия өз курултайларын толук өткөрүп бүткөндөн кийин Шайлоо блогу түзүлүп, блок колдоо көрсөтүүчү талапкерлердин ысмы жарыяланат. Бул иш кийинки жумада жасалат, деп белгиледи Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров. Маалыматка караганда, кыймыл атынан бир мандаттуу 75 шайлоо округуна 60ка чукул талапкер көрсөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG