Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Папа Иоанн Павел Экинчи Крисмас менен байланыштуу ибадат өткөрдү


Католик дүйнөсүндө бүгүн Крисмас, же Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленүүдө. Папа Иоанн Павел экинчи аны менен байланыштуу Ватиканда бүгүн атайын таат-ибадат өткөрдү: "Мариам эненин денесинен жаралган о жараткан, бизге көңүл сал! Өзүнүн бардык кайгы-капасы менен бүткүл адамзат сага муктаж. Асмандан келген жашоо азыгы дайым биз менен болсун! Амин!" Ибадатка көптөгөн миң адам катышты жана окуя сыналгы аркылуу 70 өлкөгө көрсөтүлдү. Орусияда бул майрам 7-январда белгиленет.


Нарын АЙЫП, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG