Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Бириккен Улуттардын өкүлү Чеченстанды кыдырып чыкты


Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Якин Эртүрк айым жакында Чеченстан, Ингушетия жана башка Түндүк Кавказ жумурияттарын кыдырып чыкты жана атайын доклад даярдоого киришти. Эртүрктүн айтымында, сапар учурунда ага көптөгөн арыз түштү, элдин айтканына караганда, кээ бир акыркы террор аракетерине аялдар катышкандыктан, орус аскерлери тарабынан азыр аялдарга каршы зомбулук өтө күч алган, алар кармалып-кыйналат, кээде болсо дайынсыз жок болуп кетет. Сентябрдын башында Беслан шаарындагы мектепти барымтага алгандардын арасында эки аял болгон. Ал окуя учурунда бир миңден ашык киши үч күн боюн туткунда кармалган жана кийин 344 адам өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG