Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Палестина жетекчиси басылып алынган араб жерлеринин бошотулушун талап кылууда


Палестина автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас бүгүн Израилге кайрылып, 1967-жылы басылып алынган араб жерлеринин баарын бошотууну талап кылды. Андан тышкары, анын айтымында, Израил абактарында жаткан сегиз миңге жакын араб адам дагы бошотулууга тийиш, анткени алар абакта жатканча, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобойт. 9-январда Палестинада шайлоо өткөрүлөт жана Аббастын бүгүнкү кайрылуусу шайлоо өнөктүгү учурундагы биринчи аракет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG