Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Украиналык шайлоочулар жекшембиде ушуну менен соңку эки ай ичинде үчүнчү ирет президент үчүн добуш беришет. Анын алдында ишембиде өлкөнүн Конституциялык соту президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга жакында киргизилген айрым өзгөртүүлөрдү жокко чыгарды. Байкоочулар бул чечимди премьер-министр В.Януковичтин шайлоо алдындагы чакан жеңиши катары баалашты. Бирок президенттик шайлоо алдында Украинадагы кырдаал дале курч бойдон кала берүүдө.

Эң соңку жаңылыктан баштасак, Конституциялык сот ишембидеги чечими менен премьер-министр Виктор Януковичти колдогон депутаттар тобунун арызын канааттандырды. Жакында эле оппозициячыл талапкер Виктор Ющенконун командасы Украинанын президенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүүнү сунуш кылып, парламент колдоп берген ал мыйзам боюнча шайлоо участкаларынан тышкаркы аймактарда добуш берүүгө тыюу салынган болчу.

Конституциялык сот андай өзгөртүү шайлоочулардын укуктарын чектейт деген негиздемеге таянып, майыптар жана саламаттыгына байланыштуу добуш берүү участкасына бара албагандар 12 саат мурдараак жазган арызына ылайык үйүндө, же ооруканада добуш бере алат деген чечимин жарыялады. Ющенко баштаган оппозициячылар бийликтегилер буга чейин дал ушундай жободон пайдаланып, далай добуштарды бурмалап салган деп эсептешет.

Ошентип, айрым байкоочулар айткандай, премьер-министр Виктор Янукович шайлоо алдында Конституциялык соттун чечими аркылуу бир аз моралдык колдоо тапкансыды. Бирок Украинада тээ 31-октябрда башталган президенттик шайлоо маалында, тактап айтканда, андан алда канча мурда башталган коомдогу тирешүү, Киевдеги саясий окуялардан улам башталган эл аралык деңгээлдеги дипломатиялык кайым айтышуулар азырынча басаңдачу түрү жок.

Жекшембидеги шайлоого эки күн калганда президент Леонид Кучма элге мындай деп кайрылды:

- Жаңы президентти тандоо аркылуу биз Украинанын бакубат келечегине алып барчу жолду тандап жатабыз, ал тууралуу биздин эл көптөн бери кыялданып келатат. Биз бүткүл дүйнөгө адилет шайлоо аркылуу эң мыкты инсанды тандай аларыбызды далилдешибиз керек.

Жума күнү Ющенко менен Януковичтин шайлоо өнөктүгү ырасми түрдө аяктап, алар эл менен соңку жолугушууларын өткөрүп, кайрылууларын жасашты. Киевде чогулган 5000дей жактоочусу алдында чыгып сүйлөгөн премьер-министр Янукович кайрадан украин элинин өз тагдырын өзү чечүү укугуна басым жасап, Ющенко президент болуп калса, Батыштын буйруктарын баш көтөрбөй аткарган өкмөт келет деп эскертти.

Оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко ишембиде украин телеканалдары көрсөткөн соңку кайрылуусунда: "Мен Украинага ишенем. Менин президенттик өнөктүгүмө АКШ өкмөтү, же башка Батыш мамлекеттери бир да тыйын сарптаган жок", - деп ишендирди.

Анын бул жолугушуусу Кристмасс майрамынын шаңына бөлөнүп, саясий шоуга белгилүү украин боксчусу Виталий Кличко, Батыштык таанымал эки ырчы катышты.

Украинада кырдаал курчуп турганы башкалардан да Москвага катуу таасир этүүдө. Бейшембиде Орусиянын президенти В.Путин «Москва Украинадагы президенттик шайлоого кийлигишкен жери жок, тескерисинче бул окуялардын артында башка мамлекеттер турат, дегеле Батыш өлкөлөрү кош стандарттуу саясат жүргүзүп, мурдагы советтик республикаларда "улам бир көтөрүлүш" уюштурууда» деп айыптады. Кремлдин бул билдирүүсүнүн изин суутпай, бир катар Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Путиндин айткандарын кескин маанайда комментарийлеп чыгышты.

Ырасми Киевдин маалыматы боюнча, жекшембидеги президенттик шайлоого 12 миңдей чет элдик байкоочу көз салат. Алар жана жаңы украин президенти үчүн дагы бир жолу добуш берчү карапайым шайлоочулар шайы ооп калганын, 4-жолку шайлоого чыдамы жетпестигин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG