Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

ТҮРК ПРЕМЬЕРИ СИРИЯДА ИШСАПАРДА БОЛДУ


Түркиянын премьер-министри Режеп Таййып Эрдоган 2 күндүк ишсапар менен Сирияда болду. Эки тараптуу экономика жана соода алакаларын жакшыртуу маселелери көңүл чордонун ээлеген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бир катар келишимдерге кол коюшту. Чек ара аркылуу акчу дарыялар маселеси тууралуу бөтөнчө мааниси бар мунасага да жетишилди.

Өкмөт башчы Р.Т.Эрдогандын 22-23-декабрда түрк ишкер адамдарынын коштоосунда Сирияга жасаган бул алгачкы сайакаты 1998-жылы болжолдуу согуштун босогосуна чейин келген эки кошуна өлкөнүн акырындап жакшырып келаткан мамилелерине кайрадан дем-шыкак берип, сайакаттын жүрүшүндө эки тараптуу эркин соода аймагын түзүү жана өз ара инвестицияларды шыктандыруу жөнүндөгү келишимдерге кол коюлду.

Премьер-министр Режеп Таййып Эрдоган сирийалык кесиптеши Мохаммад Нажи ал-Итри менен болгон сүйлөшүүсү учурунда Тигр дарыясынан кошумча суу берилүүсү жөнүндөгү Дамасктын сурануусуна оң мүнөздүү жооп кайтарып, бул тууралуу Сирияга техникалык жардам берилээрин байандады.

Бул окуяны калкына ‘дурус кабар’ катары жар салган сириялык өкмөт башчысы бул долбоор аркылуу 150 миң гектар ээн талаа сугарылаарын билдирди.

Уюштурулган басма сөз жыйынында Эрдоган эркин соода аймагы тууралуу эки тараптуу келишимди “эки коңшу өлкө үчүн жакшы башталыш” катары мүнөздөсө, Мохаммад ал-Итри:

- “Сирия менен Түркиянын ортосундагы соода, экономика жана башка тармактагы кызматташтык жаатында сапаттуу өнүгүүлөргө өбөлгө түзүүчү бул келишимдерге кол койулуусу - биз жетишкен эң чоң ийгилик болду”, - деп айтты.

Түрк өкмөт башчысы Эрдоган Сириянын президенти Башир ал-Асад тарабынан да кабыл алынды. Палестина-Израил жаңжалы, Ирактагы абал жана Сириянын АКШ менен мамилелери да талкууга алынган бул сүйлөшүүдө Эрдоган Сирия менен АКШнын жана Израилдин арасындагы карым-катнашта арачылык кылууга өз өлкөсү даяр экенин белгиледи.

Ал Түркиянын Жакынкы чыгышка тынчтык орнотуу жарайанында иштиктүү чараларды турмушка ашыраарын белгилеп, бул үчүн Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл январдын башында Палестина жана Израилге сайакатка бара турганын, керек болсо өзү дагы бул аймакка сапарга аттанаарын билдирди.

Расмий Дамаск түркиялык күрттөрдүн ПКК жикчил тобунун учурда абакта олтурган колбашчысы Абдулла Өжаланга жана уюмдун жоочуларына өз аймагында баш паанектөөсүнө уруксат бергендиги себептүү, 1998-жылы Дамаск менен Анкара өз ара согуш коркунучунун кырына чейин келген болчу. Бул эки өлкөнүн мамилелери учурдагы президент Башир Асаддын маркум атасы Хафез ал-Асаддын кезинде өкмөт Абдулла Өжаланды өлкөдөн кууп чыгууга аргасыз болгондон кийин жакшыра баштаган.

Түркияда Эрдогандын партиясы бийликке келип, Анкаранын тышкы саясатта иштиктүү жана көп кырдуу дипломатиялык нукту тута башташы, соңку Ирак согушу жана Башир ал-Асаддын бир жылдай илгери Түркийага жасаган алгачкы тарыхый сапары Дамаск менен Анкаранын өз ара саясий мамилелерин ылдамдык менен жакшыртууга өбөлгө түздү.

Эми болсо эки өлкөнүн мамилелерине бөгөттүк кылып келген суу маселесин чечүүнүн ишинде Эрдогандын иш сапары аркылуу алгачкы кадамдар жасалып олтурат.

Дамасктагы сүйлөшүүлөрдө Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жарайаны да көз жаздымда калбады. Тышкы саясатта Сирия Анкараны өрнөк алаарын билдирген президент Башир ал-Асад Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуусу Сирияга жана жалпысынан Жакынкы чыгыш аймагына жагымдуу таасирин алып келээрин айтып, “биз дагы Европага кошуна болгону жатабыз” деди.

XS
SM
MD
LG