Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Президент оппозициянын саясий маданияты анча жок деп санайт


Кыргызстандагы оппозициянын саясий маданияты анча жок. Мындай бааны президент Аскар Акаев түз ободо кызы Бермет Акаеванын саясий ишмердиги жөнүндө берилген суроого карата жооп берип жатып айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, тун кызы Берметтин саясий ишмердигине каршы эмес, болгону оппозициянын саясий маданиятынын жоктугунан улам эки жактуу мамиледе турат:

- Биздин оппозициянын саясий жана демократиялык маданияты анча жоктугун эске алуу керек. Мына, мен өзүм жөнүндө айтайын, он жылдан бери саясатта мен терим калыңдады деп айта албайм. Оппозициянын сын- пикиринин баарын көтөрүш үчүн бегемот же пилдей калың тээриң болуш керек. Бул жагынан алганда менде бушаймандык бар. А экинчи жагынан биздин балдар тагдыр жана кудай берген жолун сынап көрүшү керек. Менин кызымдын далалатын колдойм Ал өз тажрыйбасын топтошу керек деп ойлойм, - деди Аскар Акаев.

Анын айтымында, кызы Бермет максаткөйлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү жана патриоттуулугу менен ата- энесин таң калтырып келатат. Аскар Акаевдин пикиринде, тун кызы чет өлкөлөрдө жогорку даражадагы Эл аралык кызматтарда иштеп атып ата-журту үчүн эмгек кылыш үчүн 5 жыл мурда кайтып келген. Ал эми мамлекет башчынын жогорудагыдай баасын айрым саясатчылар апыртуу катары баалашат. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев президенттин өз кызын аяганын түшүнөм, себеби саясат өтө катаал дейт. Бирок, депутаттын пикиринде, саясий маданият көп тил билүү жана көп дипломдуу болууну билдирбейт. «Оппозицияга мындай доомат арткандан көрө, өз командасына үңүлүп көрсө болмок» дейт Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG