Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Аскар Акаев «сырттан келген ыңкылаптарга» каршы


Батыштын саясий технологдору тарабынан коюлган Украина жана Грузияда болгон ыңкылаптар постсоветтик мейкиндикти гана эмес бүт дүйнөнү тынчсыздандырат. Мындай пикирин президент Аскар Акаев улуттук телеканал аркылуу болгон түз байланышта билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, демократия сырттан эмес, коомдун өзүндө жана элдин аң- сезиминде өсүп чыгыш керек. Андыктан президент сырттан келген бул өңдүү ыңкылаптарга каршы турарын айтты. Президенттин айтымында, Кыргызстанда оппозиция эмитен эле алдыдагы шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтөрүн айта баштады. Андыктан Украинадагыдай сценарийге жол бербешибиз керек дейт мамлекет башчы:
– Менин оюмча, Украина элин кайрадан бириктирип, өлкөнүн чыгыш менен батышы ортосундагы ажырымды калыбына келтирүүгө көптөгөн жылдар талап кылынат. Ал эми Украинанын экономикасын карагылачы.т уңгуюкка түшүп кеткен экономикасын көтөрүш үчүн канчалаган жылдар керек. Мен айткым келет, биздин өлкөдө мындай сценарийдин, окуянын ушундай өңүттө өнүгүшүнө жол бербешибиз керек,- деди Аскар Акаев.

Мамлекет башчынын мындай билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» саясий партиясынын лидери Жыпар Жекшеевдин айтымында, Кыргызстанда шайлоолор буга чейин мыйзам бузуулар менен өтүп келген. Эгер Аскар Акаев 2005- жылдагы шайлоолордо да мыйзам бузууларга жол берсе, анда Украинадагыдай кырдаалга өзү түрткү болмокчу.

XS
SM
MD
LG