Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

АСКАР АКАЕВ ОППОЗИЦИЯ, ПАРИЖ КЛУБУ ЖАНА КЫЗЫ БЕРМЕТТИН САЯСИЙ ИШМЕРДИГИ ЖӨНҮНДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев Кыргызстанда сырттан келген Украина жана Грузиядагыдай ыңкылаптарга жол бербешибиз керек деп санайт. Ал эми кызы Бермет Акаеванын саясий иш- аракеттерин колдойт. Мамлекет башчынын пикиринде, кыргыз оппозициясынын саясий маданияты төмөн. Аскар Акаев мындай пикирлери менен ишембиде улуттук сыналгы каналы аркылуу болгон түз байланышта бөлүштү.

25-декабрда кечинде президент Аскар Акаев улуттук сыналгы каналы аркылуу түз байланышта туура эки саат болду. Суроо-жооптор орус тилинде жүрдү. Борбордук Алатоо аянтынан - башкалаанын тургундары, Ош шаарынан - интеллигенция өкүлдөрү жана Бишкектеги интернет клубда отурган жаштар менен түз байланыш болуп турду. Ошондой эле айрым суроолор телефон аркылуу берилди.

Президент Аскар Акаев эмдиги жылдан үч нерсени - демократиялык жараяндардын бекемделишин, экономикалык туруктуу өнүгүүнү жана Камбарата ГЭСтеринин курулушун соңуна чыгаруу жана эл аралык темир жол куруу өңдүү чоң долбоорлорду турмушка ашырууну күтөм деди.

Анын айтымында, былтыркы жыл жаман жыл болгон жок. Баарынан да жакырчылыкты алты пайызга кыскартып, тактап айтканда, 150 миң үй-бүлөнү жакырчылыктын сазынан чыгаруу эң башкы ийгилик болуптур. Телефон аркылуу «Кумтөрдүн» акцияларынын сатылышан түшкөн 85 миллион доллар каякка жумшалат?” деген суроо түштү. Аскар Акаевдин айтымында, бул акча акыркы центине чейин жалаң социалдык долбоорлорго, айрыкча саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына жумшалат.

Мамлекет башчы тышкы карыз боюнча да оптимисттик маанайын билдирди. Аскар Акаевдин айтымында, КМШдагы карызын азайтуу аракетинде жүргөн жети өлкөдөн айырмаланып, Кыргызстан карыздардын пайызын жоюуга жетишти. Президент 2005- жылы март айында Париж клубу тышкы карыз жүгүн жеңилдетет деген ишенимин билдирди.

Түз байланыш учурунда мамлекет башчыга алдыдагы шайлоолор боюнча да бир нече суроолор болду. Аскар Акаев Кыргызстандагы оппозициялык күчтөргө бир нече доомат айтты. Анын пикиринде, оппозициянын ичинде убагында министр, премьер- министр болуп иштеп, ошол кызматта жүргөн кезинде эл үчүн колго илинээр эчтеке жасай албагандар да бар. Президент өзүнүн улуу кызы Берметтин саясий ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, оппозициянын саясий маданияты анча жогору эмес деген пикирин айтты. Ал Бермет Акаеванын саясий ишмердигин колдойт, бирок оппозициянын саясий маданиятынын анча жоктугун эске алганда бушайман болуп турат:

- Биздин оппозициянын саясий жана демократиялык маданияты анча жоктугун эске алуу керек. Мен өзүм боюнча талдайм. Мына он жылдан бери саясатта мен терим калыңдады деп айта албайм. Оппозициянын сын-пикиринин баарын көтөрүш үчүн бегемот же пилдей калың териң болуш керек. Бул жагынан алганда менде бушаймандык бар. А экинчи жагынан алсак, биздин балдар тагдыр жана кудай берген жолун сынап көрүшү керек. Мен кызымдын далаалатын колдойм. Ал өз тажрыйбасын өз алдынча топтошу керек деп ойлойм.

«Ата- Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Аскар Акаев өз кызын аяганын түшүнөм дейт. Бирок, оппозициянын маданияты тууралуу айтканда апыртып жиберди деген ойдо:

- Маданият деген менин түшүнүгүмдө эл - жерин сүйүп, ууру кылбай, калп айтпай жүргөндү түшүнөм. Ал эми кээ бир адамдар түшүнгөндөй, маданият деген көп тил билүү жана көп дипломдуу болгонду билдирбейт. Аскар Акаев оппозициянын маданиятына сын таккандан мурда өз чөйрөсүнө жана командасына үңүлүп көрсө болмок.

Президент Аскар Акаев “Батыштагы саясий технологдор табынан коюлуп аткан Украина жана Грузиядагыдай ыңкылаптарга каршымын” дейт. Анын айтымында, Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр алдыдагы шайлоолорду эмитен эле “мыйзам бузуулар менен өтөт” деп жоромолдой башташты. Президент Аскар Акаев “биздин өлкөдө Украинадагыдай кырдаалга жол бербешибиз керек” деп билдирди.

Мамлекет башчынын мындай чочулоосун саясий чөйрөлөр ар кандай кабыл алууда. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде “бул - азыркы бийликтин жандалбасы” деген пикирин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда шайлоолор буга чейин деле бийликтин айынан мыйзам бузуулар менен өтүп келген, эгер Аскар Акаев эмдиги жылдагы шайлоолордо мыйзам бузууларга жол бере турган болсо, Украинадагыдай кырдаалга өзү түрткү болот.

Президент Аскар Акаев бүгүн (жекшемби күнү) кечинде улуттук телеканал аркылуу эми кыргыз тилинде түз байланышка чыгат.

XS
SM
MD
LG