Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

ИРАН МЕНЕН ЕВРОПАНЫН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ЭМНЕ МЕНЕН БҮТӨӨРҮ БЕЛГИСИЗ


Кубат Оторбаев, Прага Иран Европа менен өзүнүн өзөктүк программалары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы эларалык саясатта алдыга жылган көрүнүш катары бааланды. 20-декабрда башталган сүйлөшүүдө Улуу Британия, Германия жана Франция Иран менен соода-сатыкты жакшыртууга убада кылууда. Өз кезегинде Тегеран болсо уранды байытуу боюнча иштерди токтотууга тийиш. Бул сүйлөшүүлөрдүн соңу кандай жыйынтыктарды бериши ыктымал? Аны азыр эч ким боолголой албай жатат.

Европадагы алдыңкы үч мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү баштап жатып дагы Иран уранды байытууну биротоло токтотпой тургандыгын билдирди. Бул өлкөнүн өкүлдөрүнүн айтымында Иранга анын өзөктүк программасы элинин жай турмушун жакшыртыш үчүн, башкача айтканда, тынчтык максатка керек. Ырасмий Тегерандын Улуттар Уюмунун атом кубаты боюнча агенттигиндеги - МАГАТЭдеги өкүлү Хусейин Мусавян азыр Иран өзүнө алып жаткан милдеттемелер убактылуу гана нерсе деген пикирин айтты:

– Биз баса белгилеп коелу – уранды байытуу боюнча аракеттерибиз ортодогу ишемди чыңдоо максатын гана көздөйт, бирок ал – юридикалык милдеттеме болуп эсептелбейт.

Ырасмий Вашингтон дагы Иран менен Европанын үч мамлекети өткөрүп жаткан сүйлөшүүдөн бир майнап чыгып кетээрине анча көзү жетпей, байкоо салып турат. Анткени мындан мурда – 2003-жылы жүргүзүлгөн буга окшогон сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган болчу.

Айрым дипломаттар болсо Иран Европа менен сүйлөшүүлөрдү бир шылтоо менен токтотууну көздөп жатат, анткени анын токтошу бул өлкөнүн ядролук курал жасашына жол ачат деген пикирде болуп жатышат. Бирок окуянын мындай өнүгүшүн эч ким каалабайт. Вашингтондогу илим жана эларалык коопсуздук институтунун эксперти Дэвид Олбрайт Кошмо Штаттардын бийлиги дагы Европадагы бул сүйлөшүүлөргө зор ынтаа менен байкоо салып турат дейт:

– Менин оюмча америкалык көпчүлүк чиновниктер Европанын бул аракеттеринен бир майнап чыгышын каалап эле турушат. Бул кыялдын артында Американын Иранды ядролук курал жасоодон биротоло баш тарттыруу аракеттери турат жана бул өлкөнүн өзөктүк программасы атом кубатын жалаң жай турмушта колдонууга багытталаарына ишеним артуу жатат.

Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш дагы Вашингтондун Иран жана Түндүк Корея менен ядролук программалардан улам чыккан талаш-тартыштары жалаң сүйлөшүүлөрдүн күчү менен чечилсе деген тилегин билдирген:

– Ядролук куралга байланыштуу проблемаларды чечүүдө администрация биринчи кезекте дипломатияны гана колдонушу керек. Дипломатиянын күчү менен гана басым жасай алабыз, - деген эле Буш.

Эгер Европа менен Ирандын сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаса Кошмо Штаттары буга чейинки ырасмий Тегеран менен болгон кер-мур айтышууларын унутуп, ал дагы сүйлөшүүлөргө кошулууга тийиш. Эксперттердин айтымында ошондо гана бул иштин майы чыгат.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Экономикалык орток маалымат институтунун аналитиги Нейл Партрик сүйлөшүүлөргө башынан эле Кошмо Штаттары да кошулса болмок, анткени Иран Вашингтон менен тең ата сүйлөшүүнү мурдатан эле көздөп келатат дейт:

– Иран боюнча алгылыктуу жыйынтыктарга жетиш үчүн Кошмо Штаттары да өзүнө кандайдыр бир милдеттемелерди алууга тийиш эле. Ошондо европалык мамлекеттердин бул таймашта чын эле экинчи оюнчулар экендиги ачыкка чыкмак. Ошондой милдеттемелерден кийин Ирандын өзүнүн коопсуздугуна да кепилдиктер пайда болмок.

Бирок Нейл Партрик “Кошмо Штатттары менен Ирандын азыркы суук-селки мамилеси сүйлөшүүлөргө Вашингтондун кошулушуна тоскоол болгон башкы фактор болуп эсептелет” дейт.

Америка менен Ирандын мамилеси 1979-жылы бул өлкөдө “ислам төңкөрүшү” ишке ашып, Кошмо Штаттарынын дипломаттары 444 күн бою бошотулбай кармалып жаткандан кийин бузулган.

Иран менен Европанын үч мамлекетинин ортосундагы сүйлөшүүлөр Тегеран эгер уранды кайра байыта баштаса да токтошу мүмкүн. Анда Кошмо Штаттары Улуу Британия, Германия жана Францияны өзүнө тартып, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши аркылуу Иранга санкция киргизүүгө аракеттерди башташы ыктымал. Вашингтон андан да ары кетип, дүйнө коомчулугунан Иранды саясий жактан да, экономикалык жактан да бөлүп салууга көндүрүшү мүмкүн.

Ошентип аналитиктер дагы Европа менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр эмне менен аяктаарын болжолдой албай жатышат. “Бир гана нерсе анык, - дешет эксперттер, – бул – Кошмо Штаттары эмне болуп баратса да Иранга каршы курал колдонбойт”. Анткени Ирандын ядролук бомбасы бар же жоктугун да эч ким билбейт. Бул анын үстүнө тирешүүнү курчутуп, Тегеранды чын эле Кошмо Штаттарынан коргонуш үчүн ядролук куралыбыз болушу керек экен деген оюн бекемдеши ыктымал.
XS
SM
MD
LG