Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

ГРУЗИЯ, УКРАИНА САБАКТАРЫ: УЛУТТУК РУХТУН ОЙГОНУШУ


Грузия менен Украинадагы саясий окуялардын тегерегинде аркыл пикирлер айтылып келатат. Тепселген укугун коргоп агылып көчөгө чыккан калкты ичтен азыктандырган рухий кубат-күч - улуттук дем-шыктын ойгонушу көбүнесе баам сыртында калууда.

Орусиянын маалымдоо каражаттары жабыла сыпаттап аткан Батыштын бекер акчасына сатылып келинген сары, кызыл ыңкылаптар элдин улуттук рухунан азыктанып чыккан, акыры бир атылып чыкчу күч экени негедир аз айтылууда. Грузия менен Украинаны каптап өткөн жаңылануу шарданы КМШ айдыңына кирген башка өлкөлөрдү абыдан сестентип, эмитен эле жүрөксүнтүүдө. Анын бир көрүнүшү катары Кыргызстандын азыркы саясий турмушун алсак болот.

Демократиялык баалуулуктарды оозунан түшүрбөгөн кыргыз бийлиги кийинки кездери калк демин көрсөткөн саясий козголуштарды айыптап, оппозиция өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч туудуруп жатат кинесин көтөрүп чыгууда. Айтса, бийликтин утурумдук саясий кызыкчылыкты жактырбаган, жаңыланууну улуттук көөнө адат-салттарды жайылтуу, эски түшүнүк, көз караштарды теңирчиликке байлап кабылдоо озуйпасын аркалаган этномаданий багыттагы кыймылдан деле чочулап атышы эле көп нерсени каңкуулап турбайбы.

Кыйла жыл бейгам жашап келген бийлик системасын кескин өзгөртүп, жаамы калктын нака демократия байрагын көтөрүп, агылып көчөгө чыгышына көөнө улуттук каада-салттардын кайрылып келиши себеп болду деп айтышка деле негиз жок. Антсе да улуттук рухтун жанданышы алдагыдай тагдыр чечер кезеңдерде ачыкка чыгып калат.

«Теңир-Ордо» коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгулов Грузия менен Украинадагы окуялар улут жаңыланууга даяр болгонун көрсөткөн олуттуу сабак болду деген пикирде.

- Бир кылым улутубузду басып, басмырлап, кемсинтип келген саясат биздин кээ бир интеллигент адамдарыбыздын, мансапта жүргөн төбөлдөрүбүздүн көбүнүн канына сиңип калган. Рух өчкөн, улуттук рух өчкөн. Биздин рух көбүнчө орустардын таасири, Батыштын таасири, арабдардын таасири менен калыптанган. Алдыбызда жаңы доор келатат дебедикпи. Грузияда, украинада болгон окуялардын түпкү себеби чет өлкөлөрдө эмес. Союз ураганда коом үч түшүнүктү туу туткан: демократия, эгемендүүлүк, базар экономикасы, кийин адам укугу да кошулду. 14 жыл мурдагы коомдун түшүнүгү азыр эскирип калды. Базар экономикасы, эгемендүүлүктү, базар экономикасын бөлөкчө түшүнүп калдык. Биздин эски түшүнүк менен мамлекеттин саясаты ишке ашып келди. Эми мындан ары коомдун түшүнүгүнө бул саясат дал келбей калды. Коом алдыга кетти. Демократияны да бөлөкчө түшүнүп атат. Эгемендикти да башкача түшүнүп атат. Түпкү себеп жаңы түшүнүктү ишке ашырууга коом өзү муктаж болуп атат. Аны жаңы саясатчылар гана ишке ашыра алат. Эски түшүнүктөгү, эски саясат жүргүзгөндөр бүгүнкү коом талабына жооп бере албай калышты.

Грузия менен Украина буга чейин калыптанып калган дагы бир көрсөтмөлүү демократиянын пардасын сыйрып таштады. «Кожокөрсүн демократия» системасын түзүп, кабелтең жеке бийлигин орнотуп алган постсоветтик өлкөлөрдө президент мураскери түшүнүгүнүн кадыры кетти.

Орусияда ийгилик менен ишке ашкан бийликтин ишенимдүү колго өткөрүлүшү Грузия менен Украинада жараксызга чыкты. Президент мураскери түшүнүгүнүн четке сүрүлүп калышы кыргыз бийлигин да чочулатууда. Бийликтин колдоо-сүрөөсү менен орусиялык «Бирдиктүү Орусия» партиясынын үлгүсүнө салынып илгери үмүт менен түзүлгөн «Алга, Кыргызстан!» партиясы сындуу саясий күчтөрдүн болочогу президенттик орун кимге тиерине байланыштуу чечилери турулуу иш. Парламент депутаты Муратбек Мукашевдин пикири:

- «Алга, Кыргызстан!» деп баары келип алса эмне болот деген сөз чыгат да. Президент парламент шайлоону күтүп атат. Эгер элүү адам президент тарапта болуп калса демократиянын тагдыры кантет? Демократияга ушундай коркунуч туулуп отурат. Үчтөн эки болгондон кийин Конституцияны өзгөртүү чыгышы мүмкүн. Мына, Орусияда «Единая Россия» Мамлекеттик Думаны ээлеп алгандан кийин парламенттин баркы кандай болуп калды ал жерде. Ушундай коркунуч бар. «Алга, Кыргызстанга» жалаң бизнесчилер барып атышат го. Ушул жагын да карап көрөлү.

Саясий күрөш күч алып, өлкө жалаң шайлоо шарданы менен жашап калган чакта улуттук көөнө каада-салттарды жандантуу, эне тилдин коомдук баркын көтөрүү кыймылынын активдешип кетиши деле биралдын мыйзамченемдүү нерсе. Улут жалаң саясат менен оозанбай, өзүнүн өткөнүнө кайрылып, болочогуна баам таштап турушу керек. Анын үстүнө бул жагдайдын утурумдук саясий кызыкчылык менен эч кандай байланышы жок. Сөздүн чыны, эгемендик алганы менен улуттун эне тили коомдук турмушта активдүү колдонулбай, жоголуп баратпайбы. А бул маселе ар кандай саясий ураан, чакырыктардан төөчүлүк өйдө турган бийик түшүнүк го. Белгилүү илимпоз Кусейин Исаев улуттун ушу тапта ишке ашыра турган үлкөн милдети катары мына буларды белгилейт.

- Илимдин, техниканын, жаңы технологиянын жетишкендиктерин пайдаланбай туруп биз эч убакта өз алдынча мамлекет, эл болуп жашай албайбыз. Батыштын техникасын, технологиясын өзүбүзгө кабыл алып, аны өзүбүзгө ылайыкташыбыз керек. Биз миңдеген жылдар бою өз алдыбызча мамлекет болбой келдик. Бир канча жолу чапкындарга туш болдук. Алардын баары улуттун рухун жоготууга, дөөлөтүн бөксөртүүгө багытталган.

Таңкалыштуу кысталыш кырдаал ушу тапта кыргыз элинин башына түшүп туру. Өз алдынча эгемен мамлекетте кыргыз тилинин жоголуу коркунучуна капталышы кандайынан келгенде да ойлонто турган олуттуу суроо го. «Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков жагдайдын минтип суроого капталып турушунун негизги себебин момундан көрөт:

- Биздин бийлик жакшы эле ураан, чакырыктарды көтөрүп атат. Бирок, алар аткарылбай калууда. Эл көзүнө көрүнгөнү – коррупциянын жайылып кетиши. Мамлекеттик кызмат менен кылмышкерликтин ортосундагы байланыш күчөп баратат. Булар оозеки айтылган менен көзгө көрүнөрлүк иш жок. Майда-чүйдөлөр кармалганы менен ирилери, анабашылары жазасыз калып атышат. Ушуга жараша элдин адеп-ахлагы да ирип баратат. Себеби жогорто болгондун баары төмөнтө уланып кетип жатат. Эгерде ушунун баары улана берсе, анда биздин элдин келечеги кыйын болуп калат. Элдин нравалык, адеп-ахлактык пайдубалы бекем болбосо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жетиш кыйын. Андай болбосо бирин-бири карактоо, уруу тутуу, каршы туруу токтолбойт. Жеке адам, айрым бир адамдар гана байыганы менен жалпы эл кедей болсо ажырым күчөй берет. Ушуга жол бербеш керек. Кагылыш кайдан келип чыгат? Социалдык-экономикалык проблемалардын чечилбегендигинен, коомдо акыйкаттыктын жоктугунан келип чыгат. Жөнөкөй эл менен бийликтин ажырымынын түпкү себеби ушул.

Парламент депутаты Доронбек Садырбаев акты-ак, кызылды-кызыл деп баалоонун кыйындыгы, чындыкка жетүүнүн машакаты бийлик менен элдин ортосундагы бүтпөгөн талашка айланып келатат деген пикирде.

- Караны – кара, акты – ак, кызылды – кызыл деп айтсак, биздин бийлик биз айткандай болот, акты – кара, караны - кызыл деп айтсак, ошондой дегиле деп атпайбы. Андай болбойт да.

Буга чейинки Кыргызстандагы парламент, президент шайлоо эларалык уюмдардын катаал сынына кабылып келген. Бул ирет өлкө үлгүлүү парламенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Кош шайлоого калк да үлкөн үмүт артып болочогун байлап отурат. Грузия менен Украинадагы шайлоодон соң КМШ өлкөлөрү бийлик алмашуусуна өзгөчө кызыкдар болуп калбадыбы.
XS
SM
MD
LG