Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

АЛЫСКЫ УКРАИНАНЫН ЖАКЫНКЫ ТААСИРИ: ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕНБИ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 26-декабрда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү.Анда талапкерлер Виктор Ющенко менен Виктор Янукович таймашты. Украина шайлоосуна Кыргызстандан 70тен ашуун байкоочу катышууда.

Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-октябрда өткөрүлгөн. Анда Виктор Ющенко менен Виктор Янукович алдыга чыккан. 21-ноябрда шайлоонун экинчи туру өткөрүлүп, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Януковичти жеңүүчү деп атаган. Бирок, оппозиция ага каршы чыгып, калктын массалык нааразылык акцияларын уюштурган. Оппозиция сотко кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Жогорку Сот арызды канааттандырып, кайра добуш берүүнү 26-декабрга дайындаган эле.
Украинадагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө Кыргызстандан 70тен ашуун байкоочу катышууда. Мына ошол байкоочулардын бирөөсү, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлү Динара Ошурахунова Украинанын Черкасск облусундагы добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө буларды кабарлады:

Добуш берүү жакшы жүрүп жатат. Шайлоочулардын активдүүлүгү жогору. Биз азырынча эч кандай мыйзам бузууларды байкаган жокпуз.

Добуш берүү Украина убактысы боюнча кечки саат сегизде аяктайт. Андан кийин алгачкы жыйынтыктар чыгарыла баштамакчы.
Украинадагы шайлоонун жыйынтыгы кандай болоору тууралуу “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков мындай пикирин билдирди:

Эми адамдар акыркы чечимге келип добушун берет го. Элдин жалпы маанайына караганда Ющенко жеңе тургандай болуп турат.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов:

Эми албетте, таза шайлоо болуш керек. Ошол калыс жана адилет шайлоонун негизинде Украина калкы демократиялык жол менен өзүнүн президентин шайлап алыш керек.

Украина жана Грузиядагы окуялар Кыргызстанда эки ача бааланып келет. Президент Аскар Акаев жана өкмөт башчы Николай Танаев ал жараяндарды кескин айыптап, Кыргызстанда андайга жол бербеш керектигин байма-бай кайталап келатат. Маселен, президент 25-декабрда түз эфирде бул маселеге дагы токтолду:

Роза, саргыч түстөгү ыңкылаптар КМШ мамлекеттерин эле эмес, дүйнө жүзүн толкундантып жатат. Англиянын “Гардиан” гезити бул окуялар өтө мыкты даярдалган кампаниялар деп атады.Батыш журналисттери, саясат таануучулары өздөрү мойнуна алгандай бул иштерди уюштуруучулар батышта. Ал ыңкылаптардын айынан Украина жана Грузияда кырдаал курчуп, калктын тирешүүсү пайда болду. Маселен, Украинадагы жараканы калыбына келтириш үчүн көп убакыт керек. Ошондуктан менин айтаарым, демократиянын табыйгый жол менен келгени жемиштүү болот.
Ал эми оппозиция өкүлдөрү тескерисинче калктын өз укуктарын коргоп чыгуусун колдоорун билдирүүдө. “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде Украина жана Грузия ыңкылаптары Кыргызстанга оң таасирин тийгизет:

Менин оюмча, Украина, Грузия окуялары КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга өтө чоң таасир этет.Ошондуктан Кыргызстандагы шайлоолор Украина жана Грузиядагыдай болуп, эл мыйзам бузууга жол бербейт деп ойлоймун.
XS
SM
MD
LG