Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

ОРУСИЯДА 12 «ХИЗБУТТАХРИРЧИ» КАРМАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва. 25-декабрда Москвада жалпы постсоветтик жумурияттардын Ички иштер министрлеринин жыйыны өз ишин аяктады. Анын соңунда биргелешип кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. Жыйын өтүп жаткан күндөргө дагы бир жаңылык туш келип калыптыр. Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери өлкөнүн бир катар региондорунда «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун өкүлдөрүн кармашкан.

Негизи, бир кызык жери ар жолу Ички иштер министрлеринин жыйыны өтөөр мезгилге карата Орусиянын ички иштер органдары өз иштериндеги бир жетишкендигин даңазалашат. Бул жолу да бул адат унутта калган жок. Өлкөнүн Москва жана Тюмень областтарында, ошондой эле, Татарстан менен Башкыртстанда жана Удмуртияда айтылуу «Хизбут-Тахрир» уюмунун 12 өкүлү колго түшүрүлүптүр.

Министрлердин жыйынында Орусиянын Ички иштер министри Рашид Нургалиев ушул кабарын чоң сүйүнүч менен билдирип, келээрки жылга карата баардык «боордош мамлекеттер менен террористтерге каршы күрөштө биргелешип иштешүү планын» бекитти.

- Бул планда жалпы постсоветтик аймакта терроризмди жаратып жаткан себептерге каршы антитеррордук аракеттердин алкагында биргелешип күрөшүүнүн жолдору камтылган, - деди орусиялык министр Рашид Нургалиев.

Нургалиев жогоруда айткан кабарга ылайык, колго түшүрүлгөн 12 «хизбуттахрирчилер» баары эл-аралык издөө катарында турушкан экен. Алар «Террор актыларын уюштургандыгы жана адам өлтүрүшкөндүгү» үчүн айыпталышууда. Азырынча орусиялык ырасмий бийликтер бул адамдарды колго түшүрүү ишинде өзбек бийликтеринен кандай колдоо болгондугу тууралуу айтыша элек.

Өзбекстанда бул уюмду март айында болгон жардыруулар үчүн айыпташат. Белгилүү болгондой, анда жардыруулардан 40 адам набыт болгон.

Москвалык «Секрет Фирма» журналынын аналитиги Андрей Вырковскийдин баамында, «Хизбут-Тахрирдин» адамдары дал ушул убакта кармалып жатышкандыгы да бекеринен болбосо керек.

- Бул дүйнөдө кокустук болушу мүмкүн эмес. «Хизбуттахрирчилер» дал ушул убакта, Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатканда, ал эми Кыргызстанда буга даярдык көрүлүп жаткан кезде кармалган болсо, демек, бул орус бийликтери тарабынан мурдатан иштелип келген сценарийдин негизинде аткарылган. Бирок, «хизбуттахрирчилер» Орусиянын аймагында эмне кылып жүрүшкөнү мага түшүнүксүз, - дейт «Секрет фирма» журналынын аналитиги Андрей Вырковский.

Негизи, Вырковский мырзанын суроосуна жооп бар. «Хизбут-Тахрир» тобунун аракеттеринин өзбек жериндеги ийгилигин көптөгөн эксперттер ал жердеги элдин социалдык абалынын төмөндүгү менен байланыштырат. Маалым болгондой, Орусиянын бир катар региондорунда Орто Азия мамлекеттеринен (демек өзбек жеринен да) келип, иштеп жаткан мигранттардын саны улам өсүүдө. Андыктан, Орусияда да алардын табылышы табышмак эмес.

Канткен менен, бир катар эларалык укук коргоо уюмдары, өз кезегинде, «Хизбут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү марттагы жардырууларга катыштыгы бар экендиги тууралуу далил табыла электигин, өзбек бийликтери ага карабай, аталган уюмдун өкүлдөрүн кыйнап, алардын жеке адамдык укуктарын орой бузуп жатышкандыктарын айтышууда.

«Хизбут-Тахрир» Орусияда «террор уюму» деп жарыланган.

XS
SM
MD
LG