Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Украинада президенттик шайлоо өткөрүлүүдө


БИШКЕК. 26-декабрда Украинда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы боюнча кайталап дубуш берүү өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстандан 75 көз каранды эмес байкоочу катышууда. Кыргызстандык байкоочулардын арасында, «Акыйкатчы» Турсунбай Бакир уулу бар. Мындай иш чара АКШнын Улуттук демократиялык институтунун каржылоосу менен уюштурулууда. Украинадагы президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү Виктор Ющенко жана өкмөт башчы Виктор Янукович ат салышууда. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Украинадагы шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгында өкмөт башчы Виктор Янукович жеңгендигин жарыялаган. Көп өтпөй миңдеген адамдардын нааразылык акциясынан улам, Украинанын Жогорку Соту шайлоонун экинчи туру боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын мыйзамсыз деп жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Украинадагы президенттик шайлоого Кыргызстандын аткаруу бийлиги өз байкоочусун жөнөткөн жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG