Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Өзбекстанда бүгүн парламенттик шайлоо өткөрүлдү


Шайлоо өлкөдө жаңыдан түзүлчү эки палаталуу парламенттин төмөнкү палатасы үчүн өттү.Төмөнкү палатадагы 120 депутаттык орун үчүн негизинен беш саясий партиянын беш жүздөн ашуун талапкерлери ат салышты. Шайлоого катышкан беш партия тең президент Каримовдун саясатын колдогон бийликчил партиялар. Өлкөнүн оппозициялык маанайдагы «Эрк», «Бирлик» жана «Азат дыйкандар» партияларынын бир да өкүлү шайлоого катыштырылган жок. Бул шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун чектелген аз сандагы 20 чакты гана байкоочулары көзөмөлдүк кылышты.
Өзбек президенти Ислам Каримов ЕККУ шайлоого кандай баа берсе да өзүн тынчсыздандырбыстыгын билдирди.
Расмий маалыматтарга караганда, шайлоого жалпы шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну катышты. Көз карандысыз байкоочулардын баамында чыныгы көрсөткүч мындан алда канча төмөн болушу мүмкүн. Өлкөнүн жаңыдан өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамдарына ылайык жалпы шайлоочулардын 33 пайызы добуш берүүгө катышса шайлоо өттү деп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG