Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Бүгүнкү «Талант тагдыры» түрмөгүнүн жаңы саны кыргыз композиторлорунун чыгармачылыктарынын өзүнчө бир уясына айланган Союздун уюшулганына 65-жыл толгонуна, басып өткөн байсалдуу жолуна арналат.

Залкар шайырлар Муратаалы Күрөңкөев баштаган Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов, Владимир Фере, Жумамүдүн Шералиевдер түптөрүн түптөшкөн Кыргызстан композиторлор союзуна 65 жыл толду. Бул жылдардын аралыгында композиторлор:

- 44 опера, 18 балет, 100дөн ашык драмалык спектаклдерге, 80 кинофильмдерге музыка жазышты. Композиторлор аваздык-симфониялык жанрда да жемиштүү эмгектеништи. 150дөн ашык оратория, кантата, аваздык-симфониялык поэма, баллада, фантазия, одаларды жана башка чыгармаларды тартуулашты. Өз учурунда кыргыз композиторлорунун чыгармачылыктарында жакшы өнүкпөй келген камералык-аспаптык жанрда жанданып, 50дөн көбүрөөк квартет, квинтеттердин кооз үлгүлөрү жазылат. Ошондой эле композиторлор фортепиано, скрипка, гобой, флейта жана башка аспаптар үчүн да ондогон пьесаларды, күүлөрдү, концерттерди жазышып угармандардын калысына коюшат.

Жогоруда маалымадалган жана аталган жанрлардын ичинен композиторлордун чыгармачылыгында өзгөчө профессионалдык ыр жанры өмүрүндө болуп көрбөгөндөй санда, сапатта, бийиктикте, кенендикте өнүгөт. Алардын ичинен авторлордун ондогон патриоттук, лирикалык ырлары ар бир угуучунун жан дүйнөсү менен бирге жашайт, ырахат тартуулайт. Кесиптик ыр, музыкалык драма, опера жанрларын жазууда ана башында турган залкар композитор Абдылас Малдыбаев карапайым калк менен бирге жашап, бирге түбөлүккө өмүр сүрө турган ырладын кайталангыс берметтерин жаратат. Автордун андай философиялык ойлорго ширелишкен ырларынын бири «Өмүр» оркестрдин коштоосунда Абдылас Малдыбаев.

Атактуу композиторлор Малдыбаев менен катарлаш, канатташ чыккан Жумамүдүн Шералиев кыргыздын нукура улуттук эл обондоруна өзөктөш, ар кандай темадагы, ар түрдүү аваздык боёктордогу бойдон кирип, жүрөктөгү назданткан 300дөн ашык лирикалык, патриоттук ырларды жазат. Шералиевдин андай ырлары жумурай журттун гана эмес, ар бир муундун жан шеригине айланат. Кезек ырда. Шералиев «Сезимдеги ой». Аткаруучу Тамара Исабекова.

«Аганы көрүп ини өсөт» дегендей улуу муундагы композиторлордун жолдорун Мукаш Абдыраев, Аскар Түлөев, Акмат Аманбаев жолдошот. Кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилерден М.Абдраев өз алдынча «Жаш жүрөктөр», «Олжобай менен Кишимжан», «Бороон алдында» аттуу операларды, оратория, кантата, хорлорду жана башка жанрдагы көптөгөн чыгармаларды жазат. Ал эми Борбордук Орто Азиядагы улуттук композиторлордун ичинен алгачкы жолу Аскар Түлөев «Биринчи симфониясын» жазып, өзбек, казак, тажик, түркмөн, кыргыз симфониялык музыкасынын жаңы баракчасын ачат. Кайрадан кезек ырда. Мукаш Абдраев «Жалыныңа күйгөмүн» эл артисти Салима Бекмуратованын аткаруусунда.

60-жылдары мүчөлөрүнүн саны ондон ашпаган композиторлор союзунун катары Т.Эрматов, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, Ч.Жумаканов, А.Жаныбеков сыяктуу жана башка таланттуу жаштар менен толукталат. Булардын ичинен дирижер-композитор Калый Молдобасанов кыргыз эле эмес, дүйнөлүк балетти сүйүүчүлөрдүн алкоолоруна арзый турган «Куйручук», «Саманчынын жолу», «Маңкурт жөнүндө баян» аттуу жаңы мазмундагы, жаңы көз караштагы, жаңы багыттагы балеттерди жазат. Кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу жазуучу Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде атташ балет-ораторияны жазат. «Саманчынын жолу» балет-ораториясынын сахнага коюлушу улуттук жалпы музыкалык маданиятын эң бир кол жеткис бийиктикке көтөрүлгөнүн айгинелейт. Калый Молдобасановдун балет-ораториясы музыкасынын элдиктүүлүгү, жетимдүүлүгү, музыкалык драматургиясынын, симфониялык өнүгүүлөрүнүн тереңдиги, устаттыкта жазылгандыгы менен угуучу-көрүүчүлөрдүн урматтоолоруна алынат. Кезек Молдобасановдун «Саманчынын жолу» аттуу балет-ораториясын дагы элдик хордун үзүндүсүндө. Кыргызстан композиторлор союзунун азыркы абалын билиш үчүн союздун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кенжеказы Асанбаевге микрофон сунганымда:

- Азыркы тапта союздун 52 мүчөсү бар. Республикабыз эгемендүүлүккө чыккандан тартып союз өкмөт тарабынан каржыланбай, жаңы чыгармалар кабыл алынбай калды. 14 жылдан бери бир дагы пленум, бир дагы съезд өткөн жок. Ошондой эле бир дагы жаңы чыгарма аткарылбады. Ушунун баарысы каражаттын жоктугунан болуп отурат. Биз эмнебиз менен сыймыктанабыз, маданиятыбыз менен. Ошондуктан олуттуу музыкага көбүрөөк көңүл бөлүшүбүз керек. Мен айтар элем 65 жылдык тарыхы бар композиторлор союзуна жардам керек - дейт Асанбаев.

Кыргызстан композиторлор союзу томсорбой ылайым эле ырлардын, ар кандай музыкалык чыгармалардын шаңына батып, угуучуларды ар дайым ырахатка бөлөй беришин каалайм.
XS
SM
MD
LG