Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Айрым саясий партиялар мамлекет башчынын жообуна нааразы


ЖАЛАЛАБАД. Өлкө башчысы Аскар Акаевдин Кыргыз Улуттук сыналгысы аркылуу телекөрүүчүлөр менен түз байланыш убагында даярдалган адамдар гана президентке мурда камдалган суроолорду беришти. Суроолорго толук жооп берилген жок. «Кыргызстан элдик кыймылынын» Аксы аймактык төрагасы Тажимамат Туралиевдин 27-декабрдагы ушундай баасы боюнча кыймыл президенттин уюмга айткан ой-пикирлери менен макул эмес. Аксы окуясында жабырлануучулардын талабы аткарылабы, ал окуяларга байланыштуу кылмыш иши ачылабы, окуяга жооптуу жогорку бийлик өкүлдөрү жоопко тартылабы деген аксылыктардын суроосу да уктурулбады. Президенттин жоопторуна канааттанбаганын «Ата мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев да билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG