Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

БАШ БАРМАК ЧЫРЫ же АЖО МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙСО ДА, А КОЖОЛОР НЕГЕ ТЫНЧЫБАЙТ?..


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда демократиялык жараяндын мындан ары өнүгүшүнө, шайлоонун адилет өтүшүнө ар дайым көмөктөшө берээрин билдиргени үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг эки айдан бери өкмөттүк маалымат каражаттарынын башкы каарманы болуп келет. Аны ар тараптан сынга алып, чоң саясатка айландырууга аракеттер бардыгын айрым байкоочулар белгилешүүдө. Айрыкча Украинадагы шайлоодон бери Мамлекет башчысы да «сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү күчөөдө» деген сөзүн эл алдында байма-бай айта баштады.

Көпчүлүк эксперттер белгилеп келгендей күз айларынан баштап Кыргызстанда саясый окуялар курчуй баштады. Анын курчушун айрымдары алдыда болуучу Парламенттик шайлоо менен байланыштырса, айрымдары аны сырткы күчтөрдүн таасиринен көрүшөт. Андыктан сырткы күчтөр тууралуу маселени маалымат каражаттарынан баштап, мамлекет башчысына чейин батыл көтөрө баштаганын байкоочулар ырастоодо. Сырткы күчтөр дегенде бул жерде Америка жана анын Кыргызстандагы элчисинин ысмы көбүрөөк аталууда. Элчи Стивен Янг мырзанын шайлоо учурунда баш бармакка белги коюу тууралуу мыйзам боюнча айткан пикири учурда экинчи планга жылып, маселе эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге оой баштаганын талдоочулар белгилешүүдө. Анткени Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү, анда баш бармакка белги коюу тууралуу мыйзамга Мамлекет башчы Аскар Акаев кол койгон. Аталган мыйзам кабыл алынган соң , ал эч талашсыз аткарылышын башта бул мыйзамга каршы болуп келген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев да айта баштады.

-Мыйзам кабыл алынгандан кийин биз мыйзамга баш ийишибиз керек. Шайлоо ошол мыйзамдын негизинде өтөт, сол колдун баш бармагына бюлетень албатканда атайын көзгө көрүнбөгөн, эч кандай зыяны жок суюктук менен белги коюлат. Андай белги коюлгандар экинчи жолу добуш берүүгө киргизилбейт .

Бирок, бул мыйзам толук кандуу иштээри талашсыз болгонуна карабай, мыйзамды алдын ала кубаттаганы үчүн элчи Стивен мырза дале өкмөттүк басылмаларда талоонго кабылып келет. Анын чоо жайы “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Абдиламит Матисаковдун пикиринде мындай:

-Ачык эле сөз, бүгүнкү күндө биздин мамлекеттик ички ишибизге, саясый турмушубузга Американын түздөн-түз кийлигишүүсү, анын Кыргызстандагы элчиси кадимкидей биздин саясый турмушубузга өзүнүн пикирин таңуулап атат. Конституция боюнча өлкө ишине эч кимдин кийлигишүүгө да, таңуулоого да акысы жок .

Бирок “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Абдиламит Матисаковдун бул пикири менен “Демократ” гезитинин башкы редактору Эдил Байсалов макул эмес. Анын ою боюнча өкмөттүк бир катар басылмалар Кыргызстандын тышкы саясатына каршы иш жасашууда.

- Акыркы учурда “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз туусу” сыяктуу мамлекеттик гезиттерде жарыяланган макалаларда ушунчалык Американы жек көрүү, кадимкидей сынга алган учурларды көрүп таң калам да. Эмне үчүн мамлекеттик гезиттер Американы жек көрүү саясатын жүргүзүшөт? Бул биздин тышкы саясатыбызга да каршы келет. Менин оюмча алар Президентке каршы саясат жүргүзүп жатышат.

Ошентип айрым эксперттердин белгилегенине караганда сырткы күчтөрдүн көңүлүн учурдагы оппозициянын аракети эмес Мамлекет башчысынын улам-улам айткан сөздөрү менен өкмөттүк басылмалардагы макалалар көбүрөөк бурдуртуп жаткандай. Айрым аналитиктер муну Мамлекет башчынын жакын санаалаштары жасап жатат дешет. Алар А. Акаевди дагы бир мөөнөткө калтыруу үчүн кол топтотуп, өз мүдөөлөрүн ишке ашыруунун үстүндө тынымсыз аракеттенип жатат деп ырасташат көпчүлүк талдоочулар. Андыктан жер-жерлерден өз адамдарын гана депутаттыка өткөрүү камын көрүп, “шектүү адамдарды” шайлоого жолотпош үчүн аракеттенүүдө деп билдиришүүдө “Азаттыктын” жер-жерлердеги угармандары.
XS
SM
MD
LG