Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 82 миллион сом жумшалат


БИШКЕК. 2005-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 82 миллион сом жумшалат. Мындай каражат 2005-жылдагы республикалык бюджетинде каралды. Мамлекет башчынын жардыгына ылайык Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында, ал эми президенттик шайлоо ушул эле жылдын октябрь айында өткөрүлөт. Учурда парламенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо улантылууда. Талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо 18-январда соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG