Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Россиянын Канттагы авиабазасы аскердик операцияларды жүргүзүүгө даяр


БИШКЕК. Россия 2005-жылы Кыргызстан эли кимди президенттикке шайлабасын, анын чечимин колдойт жана шайлоого өзүнүн кандайдыр бир таасирин көрсөтпөйт. Кыргызстан Украинадагы чыр-чатактуу президенттик шайлоодон жыйынтык чыгарууга тийиш. Мындай пикирин бүгүн Россиянын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин Бишкекте журналисттерге берген пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, учурда Россиянын Канттагы авиабазасы аскердик операцияларды жүргүзүүгө даяр. Буга чейин Россия Канттагы авиабазанын өнүгүшүнө 5 млрд. рубль бөлдү, 2005-жылы ага бери дегенде 1 млрд. рубль сарпталат. Бүгүн Кыргызстан менен Россиянын эсеп палаталырынын өкүлдөрү Канттагы авиабазанын инфраструктурасын өнүктүрүүгө эки өлкөнүн бюджеттик каражатынын сарпталышынын натыйжалуулугун текшерүү иштери аяктады. Сергей Степашин белгилегендей, эки айга созулган текшерүүдө авиабазага жумшалган каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз сарптоо байкалган жок.

XS
SM
MD
LG