Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Кыргызстандык саясатчылар Украинадагы президенттик шайлоо тууралуу


БИШКЕК. «Биз, Украин элинин президенттик шайлоодогу тандоосун кубаттайбыз. Кыргыз өкмөтү Украина эли добуш берип шайлаган президент менен иштешүүгө даяр.» Мындай пикирин 27-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер минстри Аскар Айтматов «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Ишенбай Кадырбеков «Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстандын аткаруу бийлиги үчүн чоң сабак болду, эгерде, 2005-жылдагы шайлоолордо мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, Кыргызстанда да Украинадагыдай окуялар кайталанарына шек жок» деген оюн ортого салды.
Мамлекет башчы Аскар Акаев 26-декабрда Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу түз эфирде атуулдардын суроолоруна жооп берип жатып, келээрки шайлоолордо оппозициячыл маанайдагы саясий күчтөр өлкөдө “Украина, Грузиядагыдай абал түзбөшү үчүн аларга аеосуз сокку уруш керек”-деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG