Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАРЫНА КАРАТА ЭЛДИН ПИКИРИ


Кубат Оторбаев, Прага Ирандын ядролук программалары көптөн бери эле эларалык саясатта кызуу талаш-тартыштарды жаратып келатат. Бул темага кайрылбаган америкалык жана ирандык саясатчылар жокко эсе. Ал эми бул маселеге карата ирандык карапайым элдин пикири кандай?

Ирандын бийлиги өлкөнүн ядролук программасы жалпы улуттун сыймыгы экенин жана эл аны түп көтөрүлө колдой турганын талбай айтып келатышат. Ирандын жарым-жартылай эркин Мехр агенттиги октябрда эл арасында сурамжылоо өткөргөн. Анын жыйынтыктарына ылайык иликтөөгө катышкандардын 80 проценти ядролук программаларды колдошот. Алар Кошмо Штаттары баштаган Батыштын айрым мамлекеттери Улуттар Уюмунун атом энергиясы боюнча агенттигин – МАГАТЭни Иранга каршы катуу чараларды колдонбойт деп кысмакка алууда деген ишемде.

Бирок айрым байкоочулар баардык эле ирандыктар өкмөттүн өзөктүк программаларын минтип жапырт колдоорунан күмөн санашат. Иранга кызмат абалына байланыштуу байма-бай каттаган, бирок атын ачык айткысы келбеген аналитик бул проблемага карата калктын пикири бир кылка эмес дейт.
“Эл арасында өзөктүк программага карата бир жактуу пикир жок. Мисалы мен сүйлөшкөн айрым адамдар “өкмөт ушунча акчаны башка эле бир жакшы иштерге жумшаса болмок” дешет. Көпчүлүк ирандыктарды болсо бул маселе такыр эле кызыктырбайт.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Гүльназ Эсфандери Тегерандын көчөлөрүнөн токтотуп, маектешкен айрым адамдар Иран тынчтык максатты көздөгөн өзүнүн ядролук программасын уланта бериши керек деген пикирлерин айтышкан. Алардын бири - өзүн Хамид деп тааныштырган 54 жаштагы бизнесмен:

– Бул – Ирандын өзүнүн жеке укугу. Башка мамлекеттердин дагы өзөктүк программа менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул – биздин укугубуз. Эмне үчүн аны биз пайдаланбашыбыз керек?

Хамид Ирандын ядролук куралды жашыруун жасап жатканына ишенбейт.

Тегеран болсо өзүнүн өзөктүк программасы жалаң тынчтык багытты көздөйт деп келатат. Кошмо Штаттары менен Израиль буга ишенбей, ырасмий Тегеран ядролук куралды эларалык коомчулуктан жашырып-жаап жасап жатат деген пикирде. Өзүн Ладан деп тааныштарган 45 жаштагы аял менеджер болуп иштейт:

– Мен үчүн бир нерсе таңгалычтуу. Ар бир мамлекет, анын ичинде Иран дагы ядролук курал жасоодон башка өзүнүн жеке пландарын ишке ашырууга укуктуу. Ошондон улам биздин мамлекетке ушунча кысым болуп жатат. Эгер өзөктүк программалар тынчтык максатты гана көздөсө анын эмнеси жаман? Менимче ушул тапта Израилдин болжол менен 200 - 300 ядролук бомбасы бар, бирок Израилге Иранга жасалгандай кысым болгон жок!

Бирок ошол эле убакта Ладан “эгер МАГАТЭнин инспекторлору Иранды текшерип турбаса бийликтер ядролук бомба жасамак болуш керек” деген да пикирин айтты:

- Мен Ирандын ядролук бомбасы бар деп эсептебейм. Бирок эгер инспекторлор Иранга келбесе өкмөт курал жасамак деген ойдомун.

22 жаштагы Али ал өзү окуган Азад университетинде жаштар бул маселеге көп деле кызыкпай тургандыгын айтат. Бирок ал ошол эле маалда “Иран яролук кубатты өзүнүн жай турмушун жакшыртыш үчүн колдонсо анын эмнеси жаман болмок?” деген пикирде:

- Менимче бул керек нерсе. Кандай болгон күндө да Иран ядролук мүмкүнчүлүккө ээ болуш керек, бирок ал жалаң тынчтык максатты көздөгөнү оң. Менимче биз ядролук куралдуу болгонго жакындап калдык, бирок биз аны жасадыкпы же жокпу – аны билбейм, - дейт Али.

Өз атын атабаган аналитик көпчүлүк ирандыктар өкмөттүн өзөктүк программалары алардын жашоо-тиричилигин кантип оңдооруна көздөрү жетпейт дейт. Тегеранда менеджер болуп иштеген Ладан айым болсо бийликтердин өзөктүк кубат боюнча таттуу убадалары алардын турмушун жакшыртууга кылдай да таасир бералбастыгын айтты:

- Иран Улуттар Уюмунун коопсуз кеңешинин санкцияларына да даярданып калган учурлар болгон. Эгер Иранга карата санкция киргизилсе анын азабын карапайым калк эле тартмак. Эл экономикалык бир катар проблемалар менен азыр да алпурушуп жатат. Тегерандын булганган абасы, жумушсуздук жана башка толгон-токой маселелер бар. Алардын жанында ядролук программа унутулуп эле калат.

Ирандык укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади да ядролук куралдарды өндүрүүгө каршы. Ал Батыш мамлекеттери Тегерандын өзөктүк программаларына эле асылып туруп албай, Иранга демократияны жайылтууга көңүл бурса болмок деген оюн айтты. “Өкмөттүн баардык кадамдарын жана чечимдерин эл көзөмөлгө алып турган коомго атом бомбасы деле коркунучсуз” деди Эбади айым.

XS
SM
MD
LG