Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Израил 159 палестинди абактан чыгарды


Израил аларды автономиянын жаңы жетекчилигине жакшы санаалаштык ирээтинде бошотту. Палестинанын утурумдук лидери, автономия башчылыгына талапкерлердин бири Махмуд Аббас Израилдин мындай кадамын кубаттады, бирок жөөт жетекчилигин түрмөдөгү палестиндерди түгөл бошотууга үндөдү. Израилдин түрмөлөрүндө азыр 7 миңдей палестин бар. Жөөт премьери Ариэль Шарондун басма сөз катчысы Ави Пазнердин билдиргенине караганда, келечекте да абактан чыгаруулар орун алышы мүмкүн. Израилдин 159 палестинди абактан бошотуусу Египет менен макулдашылган эле. Египет тыңчылык кылганы үчүн айыпталып, 1997-жылы 15 жылга кесилген жөөт жаранын жакында эркиндикке чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG