Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

ЕККУ жана КМШ Өзбекстандагы парламенттик шайлоону башкача баалашты


Өзбекстандагы кечээги парламенттик шайлоону Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму эл аралык стандарттарга жооп берген жок деп эсептейт. Уюмдун өкүлү Лубомир Копаж бүгүн Ташкенден "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды айтты:

-Тилекке каршы шайлоо ЕККУнун стандарттарынан, дегеле эл аралык стандарттардан кыйла алыс болду. Бийликтегилер атаандаштыкка негизделген, плюралисттик шайлоону уюштура албаганы өкүнүчтүү.

Ал эми Өзбекстандын шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары тескерисинче кечээги шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өттү деген пикирде. КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобунун башчысы Владимир Рушайло добуш берүүнү " мыйзамдуу, эркин жана ачык" деп мүнөздөдү. Расмий маалымат боюнча шайлоого калктын 85%ы катышкан. Өзбекстандын оппозициячыл партиялары бул маалыматтын чындыгынан күмөн санашууда, алар бийликти шайлоого катышууга мүмкүндүк бербегени үчүн мурда эле сынга алган. Өзбек парламенти - Олий Межлистин 120 орундуу төмөнкү палатасына өткөн шайлоого бийликчил беш партия гана катыштырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG