Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

М.Ходорковский Кремлдин саясатын сындаган ачык катын жарыялады.


Орусиялык "ЮКОС" мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси М.Ходорковский Кремлди мыйзамдарды бурмалап пайдалануу менен аталган компанияны карактап жатат деп айыптады. Абактагы бизнесмен "Ведомости" гезитинде жарыялаган ачык катында ЮКОСтун алдындагы "Юганскнефтегаз" ишканасынын сатылышы – президент Путин бийликке келгенден бери Орусиянын экономикасына эң чоң зыян келтирген окуя болду деп белгилейт. "ЮКОСтун" жалпы товарларынын 60%ын өндүргөн "Юганскнефтегаз" Орусиядагы кичи шаарлардын биринде катталган болчу, аны кийин мамлекетке караштуу "Роснефть" компаниясы сатып алган. Ири өлчөмдөгү салыктарды жашырган деп айыпталып, абакта отурганына 14 айдан ашкан Ходорковскийдин бүгүн жарыяланган катында минтип отурса, президент Путиндин авторитардык саясаты Орусияны талап-тоноп, жок кылууга алып келет деп эскертилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG