Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази Хуршед Касури менен жолугушту.


Исламабадда эки министр талкуулаган башкы маселе – Иран менен Пакистандын ортосунда курула турган газ куурунун долбоору болду. Тегеран мындан 8 жыл илгери эле 3 млрд. долларлык долбоор сунуш кылып, ал боюнча курулчу куур аркылуу "көгүлтүр отунду" Пакистанга жана андан ары Индияга экспорттоо кызыкчылыгын билдирген. Долбоор ошондон бери негизинен Индия тараптын болочок куурдун коопсуздугу маселесине байланыштуу кабатырлануусунан улам ордунан жылбай келген. Бул план ишке ашып калса, газ куурун өз аймагы аркылуу өткөргөнү үчүн жылына 600 млн. доллар пайда табаары белгиленген Пакистандын өкмөтү бүгүн долбоорго Индия кошулбаса да аны колдой турганын ырастады.

XS
SM
MD
LG