Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Түштүк Азиядагы ири табигый алааматтын курмандыктары өсүүдө.


Соңку маалыматтар боюнча, жекшемби күнкү катуу жер титирөө, ага удаа башталган океандын ташкынынан шейит кеткен адамдардын саны 50 миңден ашты. Түштүк Азия өлкөлөрүнүн бийликтери миңдеген адамдарды акыркы жайына коюу, үйсүз калган миллиондогон кишилерге башкалканч издөө иштери менен алек. Зилзаланын очогу орун алган Индонезияда, эң соңку маалыматтар боюнча, мерт болгон адамдардын саны 27 миңден ашты. Бул өлкөнүн вице-президенти Юсуф Калла өкмөт кырдаалды ыкчам көзөмөлгө албаса, арты жаман болуп кетиши мүмкүн деп эскертти. "Биз биринчи кезекте элди тамак-аш, дары-дармек менен камсыздап, санитардык кырдаалды көзөмөлгө алуубуз зарыл. Баарынан да ушул санитардык абалды колдон чыгарып ийсек, эртең эле эпидемия каптайт", - деп эскертти Индонезиянын вице-президенти. Шри Ланкада өлгөн адамдардын саны 17 миңден ашты, Индияда 8 миңден ашуун, Таиландда 1 жарым миңдей киши жантаслим болгону кабарланды. Малайзия, Мальдивдер, Мьянмар, Сомалиде да ондогон кишилер курман болду, дайынсыз жоголгон көпчүлүгү Европалык туристтердин саны 700гө чукулдап барды. Дүйнөнүн ар тарабынан бул катуу зилзаладан жабыр тарткан өлкөлөргө тамак-аш, суу, дары-дармек жана башка жардам жеткирилүүдө.

XS
SM
MD
LG