Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

ТИТАН СПУТНИГИН КӨЗДӨЙ "ГЮГЕНС" ДЕП АТАЛГАН АППАРАТ БАРА ЖАТАТ


Европанын "Гюгенс" деп аталган космос иликтөөчү аппараты учурда Сатурн планетасынын Титан спутнигин көздөй бара жатат. Мунун алдында ал америкалык "Кассини" кемесинен ийгиликтүү ажыраган эле. Эгер баары пландалгандай жүрсө "Гюгенс" Титандын атмосферасына келерки айдын орто ченинде кирет жана бул Сатурун планетасынын спутнигинде алгачы изилдөө болмокчу.

Илимде Титан Күн системасынын атмосфера бар деп эсептелген жападан жалгыз спутниги катары белгилүү. Окумуштуулар Титан көмүртек, азот, метан жана башка органикалык заттарга бай, андагы шарттар Жерде мындан 4,5 миллиард жыл мурда орун алган көрүнүштү эске салат деп боолголошот. Андыктан, Титанды иликтөө аркылуу адистер Жерде жашоо үчүн шарт кантип жаралганына алып келген химиялык жараяндарды аңдап- билүүгө болот деген ишенимде. Титанда газ, башка суюктуктар, кар же муз бар деп да болжолдонот. Белгилүүсү Сатурундун спутнигинде аба-ырайы өтө элек суук, Цельсий көрсөткүчү боюнча кеминде минус 179 градусту түзөт. Бул тирүү жанга ал жерде жашоо мүмкүн эмес дегендик.

Титанды иликтөө далалаты – АКШ менен Европанын космос мекемелеринин биргелешкен долбоору. Кошмо штаттардын космос агенттиги – НАСАнын "Кассини" деп аталган кемеси Сатурн планетасын көздөй 1997- жылы эле учурулган. Ал жети жыл жол жүрүп, Сатурнга быйыл июлда жетти. "Кассини" кемесине чиркештирилип учурулган "Гюгенс" аппараты андан ушул жылдын 25-декабрында бөлүнүп олтурат.

Эгер баары ийгиликтүү болсо, ал Титандын атмосферасына 14-январда кириши керек. Бирок окумуштуулар спутниктин үстүңкү катмары кандай экендигин билишпегендиктен, аппарат кантип конорун: муздуу аскаларга уруларын же майлуу көлгө түшөрүн так айта алышпайт. Титан спутнигин көздөй жол тартып бара жаткан кезде электр таштарынын кубатын үнөмдөө үчүн "Гюгенс" аппаратынын системалары өчүрүлгөн. Андыктан аппараттан ал Титандын атмосферасына жеткенге чейин кабар болбойт. Аппараттын конуусу эки саатка созулуп, иликтөө ошол кезде эле башталмакчы. Долбоордун башкаруучуларынын бири, британиялык окумуштуу Марк Лиис мындай дейт:

-Аппарат атмосферага 1270 чакырымдай бийиктиктен кирет. Төрт жарым минуттун аралыгында өзүнүн парашюттук системасын койо берүүгө атмосферанын ылайыктуулугун аныктайт. Ушундан соң тез эле 20-30 секунддун аралыгында биринчи тажрыйбалар алынып, маалыматтар артка "Кассини" кемесине жөнөтүлө баштамакчы.

Салмагы 319 килограмм келген аппаратта 3 камера орнотулган. Ал Титан спутнигине конуп жаткан кезде панормалык түрдө 20дай сүрөт жасайт деп күтүлүүдө. Ал эми жыйынтыктоочу сүрөт Титан спутнигинин үстүңкү катмарынын түзүлүшүн чагылдырып, кичинекей топ түрүндө болушу керек. Ал эми аппараттын калган жабдуулары атмосферанын түзүлүшүн, башка маалыматтарды бермекчи.

Иликтөө аппарат конгондон кийин да улантылат. Бирок бул кыска убакытка, аппараттын электр таштарындагы кубат түгөнгө чейин гана созулары күтүлүүдө. Долбоорду ишке ашырып жаткандардын бири Марк Лиистин айтымында, "Гюгенс" чогулткан маалыматтар Жердеги окумуштууларга оболу "Кассини" кемесине топтолгон соң берилет:

-Биз иш жүзүндө аппарат конгонго чейин маалыматтарды албайбыз. Себеби "Кассини" аппарат спутниктин үстүңкү катмарына жетип, байланыш үзүлгөнгө чейин андан берилген маалыматтарды жазат. Ушундан кийин ал Жерди көздөй бурулуп, чогулткан маалыматтарын жөнөтмөкчү, бул дагы алтымыш алты минутка созулат.

Ага чейин дээрлик 15 жылдан бери бул долбоор менен алектенип жаткан окумуштууларда кызыккан маалыматтарын чыдамсыздык менен күткөндөн башка арга жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG