Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Коомдук кеңеш кайрылуу менен чыкты


БИШКЕК. Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш кайрылуу менен чыкты. Анда президент Аскар Акаевдин «Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү демократия» аттуу конференциядагы сөзүн эмгек жана атуулдар жамааттарында талкуулоо сунушу айтылган. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги 28-декабрда маалымдады. Кайрылууда Кыргызстанда демократиялык жараяндарды өнүктүрүү, улуттар аралык ынтымакты сактоо, жакырчылыкты кыскартуу, бийлик менен атуулдук коомдун байланышын бекемдөө зарылдыгы бар экендиги белгиленген. 10-декабрда болгон конференцияда президент оппозиция ыплас технологияларды пайдаланууда деп айыптап, ал эми өлкөдө демократия жараяны өнүгүүдө, деп билдирген. Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин төрагасы академик Мирсаид Миррахимов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG