Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Оппозиция лидерлери меморандумга кол коет


БИШКЕК. 29-декабрда Бишкекте өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы беш бирикменин ортосунда меморандумга кол коюлат. Бул тууралуу Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Замира Сыдыкова билдирди. Анын айтымында, меморандумга Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңы багыт», Кыргызстан элдик конгресси жана Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмесинин лидерлери кол коюшмакчы. Меморандумда парламенттик шайлоо учурунда өз ара кызматташуу, аракеттерди координациялоо милдеттери коюлмакчы. Андан сырткары өз ара пикир алышып туруу үчүн саясий лидерлердин форуму түзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG