Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Суу ташкынына кыргызстандык бир улан кабылды, бирок, өмүрүнө коркунуч жок


БИШКЕК. Түштүк Чыгыш Азияда 2 күн мурда болгон суу ташкынында кыргызстандык жарандардын олуттуу жабыркагандыгы жөнүндө маалымат жок. Алгачкы болжолдуу маалымат боюнча Кыргызстандык Меираждинов Акылбек аттуу жаран жаратылыш кырсыгына кабылган, бирок, өмүрүнө коркунуч келтирчү жагдайга кирептер болгон эмес. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кабарлашынча, Мейраждинов Куала Лумпурда тил боюнча курстан өтүп жаткан. Ал эки күн мурун Тайланддын Пхукет деген жерине достору менен эс алууга барып, 26-декабрда суу ташкынына тушуккан. Казакстандын Таиланддагы элчилигинин маалыматы боюнча Кыргызстандык жаран оор жарат алган эмес, Таиланддагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Мейраждиновду окуусун улантуу үчүн Куала-Лумпурга кайра жеткирүүнүн камын көрүүдө. Түштүк Чыгыш Азия аймагында болуп өткөн кырсыгынта 23 миң адам жан таслим болгондугу айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG