Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

ОРУС-КЫТАЙ АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ 2005-ЖЫЛДЫН ЖАРЫМЫНА БЕЛГИЛЕНДИ


Нарын АЙЫП, Прага 27-декабрда орус өкмөтүнүн Москвада өткөн жыйынында коргоо министри Сергей Иванов президент Владимир Путинге - эмдиги жылы өтө турган орус-кытай аскерий машыгуусу өтө ири болоорун билдирди. Ивановдун айтымында, ага деңиз жана аба аскерлери, алар менен катар суу алдында сүзүүчү кемелер жана стратегиялык бомбалоочу учактар дагы катышат.

Алгачкы жолу бул машыгуу жөнүндө министр Сергей Иванов жакында Кытайга барганда, 13-декабрда Бээжинден жарыялаган. 27-декабрда Москвада өткөн өкмөт жыйынында болсо машыгуу 2005-жылдын экинчи жарымында өтөөрү жана ал бир кыйла ири окуя болоору ачыкка чыкты. Ивановдун айтымында, Кытай менен Орусия тарыхта биринчи жолу биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт жана ал Кытайдын аймагында болот. Орус тараптан ага катышкан аскерлердин саны өтө көп болбойт, бирок Маскөө машыгууга суу алдында сүзүүчү кемелерди, алыска учуучу учактарды жана алдыңкы үлгүдөгү курал жиберет.

"Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарлаганына караганда, эл аралык байкоочулар бул машыгууну Батыш өлкөлөрү жана өзгөчө АКШнын саясатына каршы багытталган чара катары баалоодо. Акыркы мезгилде Маскөөнүн тышкы саясаты бир топ орчундуу жоготууга туш келди, алардын эң негизгиси - Украинадагы президенттик шайлоо Орусия пландагандай болбой чыкты.

Өлкөнүн премьер-министри Виктор Януковичти орус президенти жактырбаганына карабай, шайлоонун биринчи дагы, экинчи да айлампасынын алдында Владимир Путин Украинага барып, Януковичке колдоо көрсөткөн. Кремил үчүн иштеген бир нече саясат таануучу дагы шайлоо учурунда Украинада болуп, Янукович үчүн иштеген. Шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын Москва дароо таанып, Путин Януковичти эки жолу куттуктап жибергенине карабай, ал жыйынтыктарды сот жокко чыгарды жана кайра добуш берүүдө оппозициялык талапкер Виктор Ющенко жеңип чыкты.

Анын алдында Грузиянын курамындагы Абхазияда дагы президенттик шайлоо болгон жана анда дагы Москва учурдагы премьерди колдогон, бирок ага карабастан, жеңишке оппозициялык талапкер жетишкен. Анын алдында болсо орус жетекчилиги Молдова менен болгон мамилелерин да бузуп алды, анткени Маскөөдө - бул өлкөдө федерация сыяктуу саясий түзүлүш киргизүү планы иштелип чыккан. Кремилдин басымы астында президент Владимир Воронин ага макул болгон, бирок акыркы келишимге кол коюлаар алдында андан баш тартты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун алкагында дагы Маскөө европалык өлкөлөр менен болгон мамилелерин бир топ бузду жана уюмдун декабрдын башында София шаарында өткөн бийик жолугушуусу жыйынтыксыз аяктады. Аны менен катар батыш өлкөлөрү ЮКОС компаниясына каршы Кремилдин саясатын дагы катуу сынга алууда жана азыркы учуруда Орусия менен Батыш ортосундагы мамилелер акыркы 13 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түштү.

Маскөөдө чыгуучу саясий журналдын баш редактору Федор Лукьяновдун айтымында, мындай абалда орус жетекчилиги Азия тармагында кандайдыр бир ийгиликтүү долбоорду ишке ашырып, аны менен өзүн Батыш өлкөлөрүнүн алдында өйдө көтөрүүгө аракеттенүүдө. Белгилүү көз карандысыз эксперт Павел Фельгенгауэрдин пикиринде дагы, бул машыгуу менен Москва Батыш тарабынан айтылган сынга жооп кайтарып жаткандай: "Менин оюмча, бул машыгуу жөнүндөгү жарыя менен Орусия Батыш мамлекеттерине жана өзгөчө Америкага - Чыгышта биздин достор бар жана керек болсо биз алар менен тыкыз кызматташа баштай тургандай мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын деп көрсөтүүдө", - дейт Фельгенгауэр.

Белгилүү саясат таанучу Андрей Пионтковскийдин айтымында болсо, Москванын бул аракети - жаш балдар бир-бири менен ойноп, таарынышып кеткенде, мен эми сени менен ойнобойм, башкалар менен ойном дегендей жорукка окшош.

XS
SM
MD
LG